Акыркы макалалар

Талас шаарында өткөн тынчтык митинги резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды

«Талас эл ынтымагы» кыймылы тарабынан кечээ, 1-февралда Талас шаарында өткөрүлгөн тынчтык митинги 112 адамдын катышуусунун өтүп, резолюция кабыл алуу менен жыйынтыкталды.

Жыйындын төрагасы Серен Шейшенов билдиргендей, кабыл алынган резолюцияда төмөндөгү маселелер коюлган.

1. Эки жолку өткөн тынчтык митинги өзүнө камтыган 1164 КРнын жарандарынын коюп жаткан социалдык талаптары аткарылбаганына байланыштуу жалпы Кыргыз элдик Курултайга чыгуу. (Өткөрүү убактысы март айы 2015-жыл, 37 айыл өкмөттөн жана Талас шаарынан бирден өкүл катышсын).

2. «Төө буурчак» маселеси боюнча КР Башкы прокуратурасына Кара-Буура районунун көз карандысыз комиссиянын жана «Талас эл ынтымагы» кыймылынын материалдардын негизинде териштирүү иш козголсун. (мөөнөтү февраль айы).

3. Таластагы алтын-кендер боюнча «Мораторий» акциясы улансын жана АКИпресс маалымат агенттигине чыгуу маселеси каралсын (мөөнөтү февраль айы).

4. Элекр энергиянын тарифи мурунку калыбына келсин (1кв/час-0,70 тыйынга).

5. Жогорудагы талаптар аткарылбаса КР Өкмөтү толугу менен отставкага кетсин.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...