Акыркы макалалар

БӨЖӨЙ-СӨГӨТ ЖОЛУ КУРУЛУУДА

Буга чейин да көйгөй болуп келген Бөжөй айылынын көйгөйү Сохтогу чек арадагы жаңжалдан кийин мамлекеттик деңгээлге чейин жетти. Азыр аталган айылга жол каттамы убактылуу жабылган. Бул биринчиси эмес буга чейин да Өзбекстан тараптан жабылып, бөжөйлүктөргө бөөдө түйшүктөрдү жараткан маселе эми биротоло чечилмей болду. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматтарына таянсак Бөжөй — Сөгөт жолун куруу буга чейин эле 21 чакырымга долбоору түзүлгөн болсо, ал азыр кайрадан каралып, шартка жараша 14 чакырымга кыскартылды. Азыр бул аймакта жол куруу үчүн 5 техника тартылып, ӨКМден 6,5 тонна, цемент заводунан 3 тонна, сымап комбинатынан 2 тонна күйүүчү май бөлүнгөн. Мындан тышкары элдин марафондон 250 миң сом түшүп, жол куруучулардын тамак ашына жана башка керектөөлөрүнө жумшалууда. Мындан тышкары жаңжалдан кийинки чек ара көйгөйүнөн келип чыккан кыйынчылыктан улам, Чарбак айылына жер-жерлерден жардамдар берилди. Анын катарында баткендик туугандарга Актурпак айыл округунун эли 70 миң сом акча жана азык-түлүктөн жардамдарын беришти. Эми жолдун курулушу толук аягына чыкса Бөжөй айылы Өзбекстанга көз карандысыз жолго ээ болот.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...