Акыркы макалалар

Баткен районунун Кызыл-Бел айылында жаңы электр линиясы тартылды

Баткен районунун Кызыл-Бел айылынын Ак-Тилек участкасында электр линиялары жаңыланып, аны менен катар 30 жылдан бери тазаланбаган дренаж тазаланды. Бул аткарылган иштер Ак-Тилек участкасынын жашоочулары үчүн жакшы саамалык болду. Бул тууралуу Кызыл-Бел айылынын башчысы Намаз Рустамов билдирди.

Ак-Тилек участкасынан элге жер тилкеси 2007-жылы бөлүнүп берилген. Ал жерге турак жайлар салынып, калк отурукташа баштаган.

«Ошол убакта тартылган электр энергиясын жеткирүүчү линиялары сапатсыз тартылып, аны кайрадан жаңылоо муктаждыгы келип чыккан»- дейт айыл тургуну Азамат Эралиев.

“Аталган жаңы конушка кайрадан жаңы электр линиясын тартуу үчүн 1 миң 700 метр электр зымы тартылып, жергиликтүү бюджеттен 40 миң сом акча каралса, калган 200 миң сом айылдын жашоочуларынан чогулган”,-дейт Н.Рустамов.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...