Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө өткөн жылы күздүк буудай 2125 гектарга көп себилген

Ысык-Көлдө өткөн жылы күздүк дан эгиндерин себүү боюнча планда берилген 16700 гектардын оордуна 9893 га себилген. 2011-жылга салыштырмалуу күздүк буудай 2125 гектарга көп себилген (2011-жылы 7768 гектар күздүк себилген). Бул тууралуу облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы билдирди.

Маалыматта 2012-жылы айылчарба продукцияларынын дүң жыйымы 21 миллиард 175,8 сомду түздү. Ал эми өнүгүү темпи 93,6 пайызды түзгөн. Ал эми өткөн жылы дан өсүмдүктөрүнүн жыйымы 94692 гектарды түзгөн, анын ичинен 69861 га буудай, 24519 га арпа, 28955 га картошка. Бирок, өткөн жылдагы кургакчылыкка байланыштуу план аткарылбай калган, б.а 3053гектар түшүм алынган эмес. (Бул Ак-Суу, Тоң, Ысык-Көл райондору).

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...