Акыркы макалалар

Караколдо жылуулук боюнча сот иши өттү

Каракол шаардык сотунда “Теплокоммунэнерго” ишканасынын директору А. Орозалиевдин шаар тургуну Гулнара Талипованын жылуулукка карызын төлөбөй жүргөндүгүнө байланыштуу доо арызы боюнча сот ишинин 2-отуруму болуп өттү.

Соттун отурумунда шаар тургуну Талипова Абдрахманов көчөсүндөгу 2 бөлмөлү “Аксон” клиникасын жылуулук системасын жарытылуу жылыбагандыктан 2010-жылы кестирип салганы белгилүү болду. Бирок ошого карабай 2 жыл аралыгында төлөм үстөгү менен 10 000 сом болуп, “ Теплокоммунэнергонун” жетекчиси Орозалиев сотко берген.

Көз карандысыз укук коргоочу Камил Рузиевдин айтымында бул ишке кайдыгер мамиле кылуу:

“Себеби Талипова 2010-жылы жылуулукту кестирген. Ошол учурда Орозалиев өзү кол койгон. Биз документтерди карап жатканда ар бир баракта ар кандай төлөм баалары жазылган. Бул ишке шалакылык. Сот отурумунда төрагалык кылган Кадырбек Сулайманов Орозалиевдин арызы жокко чыгарды”-дейт К. Рузиев. Ошондой эле Гулнара Талипова укугунун бузулгандыгы тууралуу Ысык-Көл аймактык акыйкатчысынын өкүлүнө арыз бергенин кошумчалады ал.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...