Акыркы макалалар

Текебаев: Парламентте үй курган компаниялардын аз дегенде эле 15 өкүлү отурат

Жогорку Кеңеште элиталык үйлөрдү курган компаниялардын эң аз дегенде эле 15 өкүлү отурат. Мындай пикирин бүгүн, 9-февралда парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.

Учурда эл өкүлдөрү "Өз билемдик менен 2012-жылдын 3-августуна чейин тургузулган, жеке турак-үйлөрү курулган жер участокторун легалдаштыруу жөнүндө" мыйзамдын долбоорун талкуулаштуу.

"Кыргызстанда эң бай адамдар элиталык үйлөрдү куруп анын чарчы метрин 1-2 миң доллардан сатып жатышат. Эң аз дегенде эле андай компаниянын 15 өкүлү парламентте отурат. Бул абдан чоң лобби", - деди ал.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...