Акыркы макалалар

КРдин ЕАЭБге кириши жөнүндө келишимдин протоколу бир нече күндө даяр болот

6-февралда Москвада өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңештин биринчи жыйынынын жүрүшүндө Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан жана Россиянын өкмөт башчылары Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке (ЕАЭБ) кириши боюнча келишимдерди жана протоколдордун тематикаларын терең талдап чыгышты. Бул тууралуу Евразяилык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Виктор Христенко билдиргенин Россиянын өкмөтүнүн басма сөз кызматы маалымдайт.

"Мындай иштер өзүнүн жемиштүү натыйжасын берди. Негизинен талаш позициялар жөнгө салынды, эми биз бир нече күндө Кыргызстандын кошулушу жөнүндө келишимдин протоколунун үстүндө иштейбиз. Бул аябай чоң жумуш, ал укуктук документтешүү гана эмес, Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин мүчөлөрүнүн жардамы менен өз аймагында чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар дагы",-деп билдирди Христенко бул тууралуу.

Ал ошондой эле келерки өкмөттөр аралык кеңештин жыйынында бажы мыйзамдарын жакшырта турган документтердин пакети дагы караларын кошумчалап өттү.

Христенконун айтымында, Москвада өткөн ЕАЭБдин жыйыны эң эле натыйжалуу жана жемиштүү болгон.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...