Акыркы макалалар

Кыргызстанда өлүм жазасын кайрадан киргизүү керекпи?

Акыркы убактагы балдарга карата жасалган зордук-зомбулук окуяларынан улам, коомчулук арасында кызуу талаш-тартыш жүрүп, кылмыштын айрым бир оор түрлөрүнө өлүм жазасын киргизүү демилгеси кайрадан жанданып жаткан чак.

Демилгечилер кол топтой баштады. Өлүм жазасынын кайра киргизилишине жол бербөө керек дегендер да жок эмес.

Алардын башкы жүйөсү: Кыргызстан жазаны гумандаштыруу багытын тандап алган соң, ал жолдон тайбоого тийиш.

Кылмыш кодексиндеги өлүм жазасына байланыштуу беренелер өмүр бою камакта кармоо чарасы менен алмаштырылган. Ага улай, Башмыйзамга «ар бир адам ажырагыс жашоо укугуна ээ, эч кимдин өмүрү кыйылышы мүмкүн эмес» деген жобо киргизилген.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...