Акыркы макалалар

Караколдук жаранды милиция кызматкерлери кыйноого алышкан

Караколдук жаранды милиция кызматкерлери кыйноого алышкан

Ысык-Көлдөгү “Вентус” укук коргоо уюму тарабынан №3 СИЗОдо камакта жаткан Андрей Рыбьянов жана анын энеси Татьяна Киванын арызы боюнча “Журналисттер үйү” КБ жыйын зал уюштурулган пресс-конференция өткөрүлдү. Ага кыйноонун курмандыгы Андрей Рыбьяновдун туугандары шаардык прокуратуранын өкүлү, өкмөттүк эмес уюмдар, жана жергиликтүү ЖМК өкүлдөрү катышты.

Укук коргоо органдарына кайрылган арыз ээлери укук коргоочуларга, прокуратурага жазган арыздарында кылмышка шектүү деп камалган Андрей Рыбьянов милиция кызматкерлери тарабынан сурак учурунда ага карата кыйноо иш аракеттери болгонун маалымдашкан.

Конференцияда арыз ээси Татьяна Кива журналистерге болгон окуяны айты: “24-октябрда үйгө милиция кызматкерлери келип, баламды киши өлтүргөн деген шект менен алып кетишти. Мен шаардык милицияга бардым. Баламдын кыйкырып жатканын уктум. Ага күнөнү мойнуна алдырыш үчүн сабап жатышыптыр. Кийин балам СИЗОго барганда айтты электрошок менен 20 жолу урду деди. Баламдын ички органдары ооруп атат.”- дейт ал.

Мындай пикирди шаардык прократура кызматкерлери жокко чыгарышты:

“Мындай сөздөрдөн кийин милиция кызматкерлери иштебей эле уруп, согуп жүргөндөй ой калып жатат. Эгер 20 жолу электрошок менен урса адам өлүп калат. Облустук медэкиспертизанын берген маалыматы боюнча соттолуп жаткан Андрей Рыбьяновдун денесинде эч кандай көг-ала тактар жок-деген маалымат берилген. Эгер бул иш боюнча так билгинер келсе, бул пресс-конференцияга шаардык милиция кызматкерлерин, ошол ишти алып барып жаткан тергөөчүнү чыкырсанар болмок. Уюштуруучулар”-деди Каракол шаардык прокурору Болот Абыкеев.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...