Акыркы макалалар

Өкмөт муфтияттын Социалдык фондго төлөнүүчү 13 млн сомун кечүүгө каршы

2014-жылдын 1-январына чейин болгон ажылык зыярат катышуучуларын социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бир жолу бошотуу демилгеси сунушталууда. Буга байланыштуу "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору бүгүн, 10-февралда парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумуна алынып чыкты.

Социалдык фонддун төрагасы Мухаммедкалый Абулгазиевдин айтымында, ажылык зыяратка катышкан адамдарды социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн бир жолу гана бошотуу сунушу киргизилүүдө.

"Сунуш кылынган долбоорго ылайык, 2014-жылдын 1-январына чейинки социалдык төгүмдөрдөн кечүү тууралуу чечим кабыл алынууга тийиш. Мындай чара аркылуу баш-аягы 13 млн сом каражат кечилет", - дейт ал.

Мындай демилге иштеп жаткан мыйзам талаптарына кайчы келгендиктен, ошондой эле каржы булактары аныктала элек болгондуктан, өкмөт мыйзам долбооруна буга чейин эле каршы пикирин билдирген. Жыйындын жүрүшүндө, өкмөттүн Жогорку Кеңештеги өкүлү премьер-министрдин кол коюусу менен алар каршы корутунду беришкендин кошумчалады.

"Ал азыркы иштеп жаткан мыйзамдарга каршы келет. Социалдык фондго салык төлөө бардык жарандарга, юридикалык жактарга бирдей милдеттендирилген. Эгерде бул мыйзам долбоорун кабыл алсак Социалдык фонддун мурда бекитилген бюджетине 13 млн сом түшпөй калат",- деди ал.

КСДП фракциясынан депутат Ыргал Кадыралиева жеке кызыкчылык үчүн республикалык бюджетке чыгым келтирбеш керек деген пикирин билдирди.

"Мен кесиптештеримди жамандагым келбейт. Бирок көп учурда шайлоо алдында шайлоочулар үчүн өзүбүздүн айылдаштарыбыздын же жеке бир адамдын маселесин чечип коюшубуз мүмкүн. Бирок ага мыйзам жол бербейт. Жеке кызыкчылык үчүн республикалык бюджетке чыгым келбеши керек",- деди ал.

Эскерте кетсек, аталган мыйзам долбоорунун демилгечилери болуп Өмүрбек Текебаев, Болот Шер, Ташполот Балтабаев сыяктуу "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары болуп саналат.

Жыйындын соңунда комитет мүчөлөрү аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...