Акыркы макалалар

Депутаттар фракциянын ичинде топторго бөлүнүүгө каршы болушууда

Жогорку Кеңеште депутаттык топтордун ишин кайрадан ыраатташтырууга багытталган "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору бүгүн, 11-февралда парламенттин жалпы жыйынында 3-окуудан каралды.

Демилгечилердин бири, депутат Эристина Кочкарованын айтымында, мыйзам долбоору Жогорку Кеңештеги депутаттык топтордун ишин Жогорку соттун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 24-сентярдында чыгарган чечимине ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.

Анткени, бул чечимде депутаттык топтордун парламенттик фракциянын курамынан тышкары боло албастыгы белгиленген. Мыйзам долбооруна ылайык, депутаттарга өз фракциясы ичинде депутаттык топ түзүүгө уруксат берилет.

"Депутаттык топтордун түзүлүп, алардын фракциянын деңгээлине чейин жетиши тууралуу мыйзамды өзүбүз кабыл алып бергенбиз. Депутаттык топтордун өздөрүнүн лидери, чечимдери бар. Мен ошондо эле туура эместигин айткам, бирок мыйзамды кабыл алганбыз. Бирок Конституциялык палата өзүнүн чечими менен фракция эң негизги орган экендигин билдирип, депутаттык топко биригүү мүмкүнчүлүгүн фракция ичинде калтыруу чечимин чыгарган. Депутат кайсы партиянын тизмесинен шайланып келсе, ал ошол партиянын парламенттеги фракция курамында болот жана алар фракция ичинде топторду түзө алат", - дейт баяндамачы.

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Сайдулла Нышанов, фракциясы ичинде депутаттык топ түзүүгө уруксат бербөө зарылдыгын айтты.

"Эгерде депутаттар фракциянын ичинде дагы топторго биригип алышса, анда биз кайда барабыз? Бул туура эмес маселе, ал үй-бүлөнүн ичинде үй-бүлө түзөбүз дегенди түшүндүрөт да",- деди депутат.

Өз кезегинде "Ата-Журт" фракциясынан депутат Надира Нарматова аталган мыйзам долбоорун 2-окуунун режимине кайтаруу сунушун киргизди.

"Эгерде мыйзам долбоорун кабыл алсак, депутаттык топтор фракциянын ыдырашынын негизги булагы катары шарт түзүп калат. Андыктан аны кайрадан экинчи окуунун режимине кайтарып, депутаттар фракциянын ичинде дагы топторго бириге алышат деген бөлүктү алып салуу керек. Биз кийинки чакырылыштын депутаттарынын ынтымактуу иш алып баруусуна мүмкүнчүлүк түзүп беришибиз керек. Фракциялардын ичинде топторго бөлүнүүгө жол берүү менен биз фракция ич ара ыдырап кетүүсүнө жол ачып жатабыз",- деди ал.

Жыйынтыгында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзамдын долбоору кайрадан 2-окуунун режимине жөнөтүлдү.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...