Акыркы макалалар

К.Боронов суу каптоолор боюнча Талас облусуна барды

Бүгүн, 13-февралда Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Кубатбек Боронов Талас облусундагы суу каптоонун кесепеттерин жеринен көрүү жана тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн Талас облусуна барды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди. Министр суу ташкынынан жапа чеккен тургундар менен жолугушат.

Эске салсак, 11-февралда Кара-Буура районунун Бакай-Ата айылында аба-ырайынын температурасынын жогорулашынан улам тоодогу карлар ээрип, 100дөн ашык үйдүн жер төлөөсүн суу каптаган. Дагы 60дан ашуун турак үйгө коркунуч бар. Тазалоо жана суунун нугун буруу иштерине 200 адам жана 25 унаа тартылып, жээктерин бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...