Акыркы макалалар

Улуттук банк каржы сабаттуулугу боюнча көчмө лекцияларды уюштуруп жатат

Калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чаранын алкагында, Улуттук банк республикадагы мектептин окуучулары, кесиптик лицей жана жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн көчмө лекцияларды окууну улантууда. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Бул жолку окутуу Кара-Балта, Талас шаарларындагы орто жана кесиптик билим берүүчү мекемелердин окуучуларына, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органынын өкүлдөрүнө, фермерлер, орто жана чакан бизнестин өкүлдөрү үчүн өткөрүлүп, ага жалпысынан 150дөн ашык адам катышты.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын негизги башкармалыктарынын адистеринен турган топтун бул жолку көчмө лекциясы алгач Кара-Балта шаарындагы №10 мектеп-гимназиянын окуучуларына окутулду. Сабактын форматы, эң актуалдуу финансылык темалар боюнча бир нече интерактивдүү бет-ачаарлар менен коштолуп, Улуттук банктын адистери тарабынан атайын жогорку класстын окуучулары үчүн иштелип чыккан.

Лекциянын жүрүшүндө, Улуттук банктын банктык жана финансылык кызмат көргөзүү боюнча керектөөчүлөрдүн укугу бөлүмүнүн башкы юристи Мирлан Майтпасов экономика жана финансылык негиздерди билүү керектигине баса белгиледи. "Силер өзүңөрдүн акчаңарды туура колдонууну билишиңер керек. Анткени, кийин чоңойгондо өз алдынча көптөгөн финансылык чечимдерди кабыл алууга тийишсиңер. Аны үчүн, бүгүнтөн тарта өздүк чыгашаларды пландап, үй-бүлөлүк бюджетти түзүүгө катышып, таразаланган финансылык чечимдерди кабыл алуудан баштай берсеңер болот", -деп билдирди ал.

Улуттук валюта, анын коргоо элементтери, жарактан чыккан жана эскирген банкнотторду алмаштыруу тууралуу эксперттик бөлүмдүн жетектөөчү адиси Эмил Курманалиев айтып берди. Эксперт окуучулардын көңүлүн акчага аяр мамиле жасоого карата буруп жатты. "Кыргызстандыктар акчага карата аяр мамиле жасоо маданиятын өнүктүрүп, өздөрүн тарбиялоосу керек. Биз өзүбүздүн акчабызга карата кандай мамиле жасап жатканыбыздан көп нерсе көз каранды. Анткени сом - Кыргызстандын жүзү болуп саналат" -деп белгиледи ал.

Банктарга тышкы көзөмөл бөлүмүнүн башкы инспектору Тынчтык Теңизбаев жолугушууга келгендерге депозит темасында айтып жатып, аманатты көбөйтүп сактоо мүмкүнчүлүгү боюнча маалымдады. Ошондой эле кредит алуудагы мүчүлүштүктөр тууралуу кенен маалымат берди.

Ал эми Улуттук банктын төлөм системасынын ишин анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн адиси Максат Дүйшенбиев заманбап төлөм системасы темасына токтолуп, нак эмес эсептешүү системасынын пайдасы жана жетишкендиктери тууралуу айтып берди. Cабактын жүрүшүндө окуучулар өзүн кызыктырган темалар боюнча Улуттук банктын өкүлдөрүнө активдүү суроолорду берүү менен финансылык билим алуу алар үчүн маанилүү жана пайдалуу экендигин билдиришти.

Кара-Балта шаарындагы №10 мектеп-гимназиянын 10-классынын окуучусу Адила Арабаева "Мага бүгүнкү лекция абдан жакты. Улуттук банктын адистери жөн эле келип окуп кетип калбастан түшүндүрүп, көрсөтүп жана суроолорго жооп берип жатышат. Келечекте бул лекциянын пайдасы тийээрине ишенем. Анткени, адистер акчаны кантип колдонуу керек, кредит алуу, келишим түзүү сыяктуу маанилүү маселелерди айтып беришти"- деп билдирди.

"Чынын айтсам, биздин калкыбыздын финансылык билими өтө төмөн деңгээлде. Ошондуктан, бул сыяктуу лекциялар абдан керектүү. Анткени, мында көп тармактуу, ар тараптуу маалыматтар берилип жатат. Айрыкча, банктарга байланыштуу, финансылык продукт боюнча маалыматтар баарыбызга керек. Анын негизинде, биздин окуучулар мектеп, окуу жайда алган билимдери менен чектелип калбастан, андан ары билимдерин тереңдетип, өнүгүшүнө өбөлгө түзүлөт деген ойдомун"- деп билдирди Жайыл районунун Техника-экономикалык колледжинин бухгалтердик эсеп менеджменти кафедрасынын башчысы Динара Шаминалиева. Ушул эле окуу жайдын 3-курсунун студенти Василиса Рухина көчмө лекциянын негизинде өзү үчүн баалуу маалымат алгандыгын билдирди. "18 жашка чыга элек курактагылар деле кредит алууга мүмкүндүгү бар экендигин эми билдим. Ал үчүн кредит алууга байланыштуу бардык материалдарды изилдеп, билип алуу шартталат экен", -дейт Рухина.

Талас шаарындагы №90 кесиптик лицейдин 2-курсунун студенти Керимай Байжигитова дагы бул лекциянын жүрүшүндө көптөгөн пайдалуу маалыматтарды ала алгандыгын айтты. "Кредит алууда эч качан шашылыш чечим чыгарбаш керек экен. Эгерде, кредит алуу чечими кабыл алынып, документтерге кол коюлуп калган учурда дагы, акча колго тие элек болсо, андан баш тартууга биздин акыбыз бар экен. Андыктан, "жети өлчөп, бир кес" демекчи туура чечим кабыл алууга эч качан кеч болбостугу айтылды", деп билдирди Керимай.

Окуучу-студенттери сыяктуу эле, Талас шаарындагы фермер, жеке ишкерлер көчмө лекциядан көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алгандыгын айтып, дагы да бул сыяктуу сабактарды өтүү өтүнүчтөрүн билдиришти. Талас шаарында чакан кафе ачып, жеке ишкерлик менен алектенген Доктурбек Абакиров: "Мен абдан жакшы сабак алдым деп ойлойм. Азыр айылдагылардын көпчүлүгү кредит алып, мал чарбачылык – дыйканчылык же жеке ишкерлик менен алектенип калбады. Бирок, өкүнүчтүүсү өздөрүнүн укуктары жана кредит алуудагы жол-жоболорду жакшы билбегенден көпчүлүгү запкы жеп жатышат. Мен ушул боюнча билейинчи деп атайын келдим эле, көп түшүнүк алдым. Бизден аз эле киши келип калды, ошондуктан силер көбүрөөк ушундай лекцияларды окусаңыздар, калктын финансылык сабаттуулугу жогорулап, мен айткан көйгөйлөр азаят беле"- деп билдирди жеке ишкер Доктурбек Абакиров.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...