Акыркы макалалар

Түптө жаздык буудай үрөнү жетишсиз

Ысык-Көл облусунун Түп районунда быйылкы жылы 40 мин гектарга жакын жер айдалмакчы. Анын ичинен жарым жерге жаздык буудай себилет. План боюнча себүүгө жалпысынан 7 миң тонна дан эгиндерин керектелет. Анын ичинен 2119 тонна үрөн жетишсиз. Бул тууралуу Түп райондук агрардык өнүктүрүү башкармасынан билдиришти.

Алардын билдирүүсүндө эң чоң көйгөй сапаттуу урөндүн жетишсиздиги: “Быйылкы жылга сапатту үрөндүн 70% менен гана камсыз болдук. Эми 1619 тонна буудайдын, 571 тонна арпанын сапаттуу үрөн табууга тийишпиз. Ушул көйгөйдү чечүү үчүн КР айыл жана суу чарба министрлигине чейин кайрылдык. Көйгөйүбүздү туура түшүнүп, министрликтин тиешелүү адистери 500 тонна буудайдын, 100 т. арпанын сапаттуу үрөнүнөн кайрылышууга убада беришти.”- дейт башкармалыктан.

Учурда буудайдын базар баасы 16 сом, ал эми сапаттуусу 22 сом болууда.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...