Акыркы макалалар

Issyknews. Ак-Сууда картошкадан ун чыгаруучу завод курулууда

Бул тууралу Ак-Суу районунун акими Жолдошбек Байсеитов билдирди.

Анын айтымында райондо былтыркы жылкыга салыштырмалуу 1000 гектарга картошка көп себилди. Бирок түшүмдүүлүк начар болгондуктан, былтыркы жылдын кирешеси менен барабар. Ал эми дыйкандар картошка эгүүдө эмгеги акталыш үчүн дагы бул өндүү 2-3 завод куруу керек: “Түштүк Кореялык инвесторлор менен биргеликте Теплоключенка айылына күнүнө 10-15 тонна картошка иштетүүчү завод курулууда. Ага 30-35 адамды иш менен камсыз кылабыз. Дагы биздин районго бул өндүү 2-3 завод курсак деген ойдобуз. Ал үчүн бул заводду жакшы иштетип, бизнесмендерге ушундай жол менен иштөө болоорун көргөзүп, кийинкилерин курсак деген максатыбыз бар. Райондогу картошка маселесин ушул жол менен гана чече алабыз”-дейт Ж. Байсеитов.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...