Акыркы макалалар

Араздашуунун аягы эмнеге алып барат же ысым берүүдєн чыккан чатак

Учурда социалдык обьектилерге ысым берүү анчалык деле маанилүү болбой баратат көрүнөт. Убагында республикага аты таанылган, эмгеги сиңген чыгаан адамдардын ысымы мектептерге, көчөлөргө берилип келген болсо, азыр көчө, көрүнүктүү жайлар мындай калып, көпүрө, арык, ашуулардан бери анын барк-баасы туура келеби-келбейби ага карабастан берилүүдө. Айрым жерлерде ысымдар туура эмес берилип калган жагдайлар да жок эмес. Мына ушундай ысым берүүдөн Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүнүн эли араздашып, ынтымак ырашкерлигине доо келтирип олтурат.

Редакциябызга Кочкор районунун Ара-Көл айылынын тургундары Шамшыбек Эгембердиев, Молдобек Ирсалиев кат менен кайрылган. Кайрылууда «2012-жылдын 17-октябрь күнү Чолпон айылдык Кеңешинин сессиясы Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамынын 13-беренесине жана КРнын +кмөтүнүн мамлекеттик маанидеги обьектерге аталыштарды жана ысым ыйгаруу жөнүндө тартипти одоно бузуу менен өткөндүгү боюнча маалымдайбыз. Тактап айтканда эч кандай мамлекеттик сыйлыгы, наамы жок Шеримбек Жапаровдун ысымын Ара-Көл орто мектебине жогорудагы мыйзамды жана КРнын +кмөтүнүн бекиткен жобосун бузуп, Чолпон айылдык Кеңешинин сессиясы Ш.Жапаровдун ысымын Ара-Көл орто мектебине ыйгарууну каралбашын көздөгөн Туз, Оро-Башы, Ара-Көл айылдарынын ардагер мугалимдеринин сунуштарын сессияны башкарган Чолпон айылдык Кеңештин төрагасы Ж. +мүрбеков четке кагып, токтом кабыл алды. Арзан атак, оңой олжолуу болуу үчүн Ара-Көл орто мектебинин деректири Т. Кубатов Ш. Жапаровго, «Сиз мектепке терезе парда, палас сатып берсеңиз, атыңызды мектепке ыйгартуу боюнча чечим чыгартып берейин, мектебибиз болсо, облустук конкурста алдыңкы орун алсын» деп макулдашат. Ш.Жапаров болсо мектептин беш бүтүрүүчүсүнө окуу жылынын аягында миң сомдон акча бергенин колко кылып ысымын койдурууга ашыкканын кандай деп айтууга болот.

Бул боюнча Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Молдош Чакиев мыйзамдуулукту орнотпостон Ш.Жапаровду колдогон макулдугун Чолпон айылдык Кеңештин сессиясына кош колдоп сунуп отурат. Буга кошумча Ш.Жапаровго пенсияда жүргөн кезде «Эл агартуунун отличниги» деген төш белги алууга жолдомону кандайча бере калды экен деген суроо туулат.

Кийинки мезгилдерде Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жусупбеков кабыл алынган чечимдерди, айыл тургундарына толук маалыматты оозеки да, кагаз жүзүндө берүүгө милдеттүү экенин эстен чыгарып, ушул иш боюнча керектүү документтерди К.Алкановго «сен аракөлдүк эмессиң»деп бербей келет.

Чолпон айылдык Кеңештин бир жактуу кабыл алган токтомуна Чолпон айыл өкмөтүнө таандык Туз, Оро-Башы, Ак-Учук, Ак-Чий, Чолпон, Молдо Кылыч, Ара-Көл айылдарында жашаган тургундар каршы экендигин билдирип жатышат. Мындай абал элдин уруу-уруу болуп бөлүнүүсүнө жана биримдигинин бузулуусуна алып келүүдө.

Дегеле Ара-Көл айылындагы мындай абалдын түзүлүүсүнө эмне себеп болду? Азыркы мектеп «Элет жылы» деп аталган 1998-жылы айыл тургуну Молдобек Ирсалиев демилге көтөрүү менен Ара-Көл айылынын тургундарынан каражат топтотуп, элди уюштуруп, ишти өз колуна алып, тикесинен тик туруп, эр-азаматтардын күчү менен эки айда беш класстык бөлмөлөр бүткөрүлгөн. Дагы М.Ирсалиевдин демилгеси менен Сорос-Кыргызстан фондусуна долбоор жазылган да эки миң Америка долларына курулуш материалдар толук сатылып келинип, мектепке кошумча үч класстык имарат курулган. Имараттын курулушун Эгембердиев Шамшыбек балдары менен бүткөргөн. Ооба, Ш.Жапаровдун баласы Бейшен машинасы менен топурак, суу ташып, кошумча үч миң кирпич куйдурган. Жакында Ш.Жапаров калпты чындай көрсөтүп, «Замана» телекөрсөтүүдөн уятты жыйыштырып коюп, мектептин үч корпусун мен курдургам» деп эфирден сүйлөп жатат. Бирок Ара-Көл айылындагы мектепти, клубду, суу түтүктү, ФАПты М.Ирсалиевдин жетекчилиги менен курулганын жалгыз эле аракөлдүктөр эмес, Кочкор өрөөнүнүн эли эч кимди тандырбайт. Бул «чубактын кунундай чубалган» Чолпон айыл өкмөтүндөгү ишти айрым жетекчилер көңүлгө албай жаткандыгын жалпы коомчулукка жарыялап, мыйзамдуулуктун бузулуусуна чекит коёт деп кайрылып отурабыз»-деп жазылат кайрылуу катта.

Мына ушул ишти жеринде барып тактоо максатында аталган айылда болуп сурамжылап, аталган маселеге тиешелүү кагаздар менен таанышып чыккандан кийин төмөндөгүдөй жагдай ачыкталды.

2012-жылдын 16-августунда Кочкор районундагы Ара-Көл орто мектебинин мугалимдер жамаатынын катышуусу менен педагогикадык кеңешме өткөрүлөт. Кеңешмеде жалпы мугалимдер Ш. Жапаровдун Ара-Көл орто мектебине ысымын берүүгө макулдук билдирген көпчүлүктүн добушу менен токтом кабыл алышат. Бул педагогикалык кеңештин №1 токтомун колдоп 23-августта Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Молдош Чакиев макулдук билдирген сунушун берген экен. Ошонун негизинде айылда жыйналыш өткөрүлүп, элдик чогулушта да мугалимдердин токтомун колдогон 86 адамдын колу коюлган чечим кабыл алышып, чогулуштун токтомдору Чолпон айыл өкмөтүнө, Чолпон айылдык кеңешине жөнөтүлөт. Ошол эле учурда ушул айылдын тургуну Молдобек Ырсалиевдин ысымын мектепке ыйгаруу боюнча 9-октябрда мугалимдердин чогулушу өткөрүлүп, «Мектептин бир гектар жерин алып алган, акыркы учурларда мектептин материалдык-техникалык базасын чыңдаганга жардам берген эмес. Ал киши илимий даражасы бар. Мындан жогорураак турган мекемеге ысымын берүү ылайыктуу» деген пикирлерди айтышып, 25 каршы, үч макул, 1 калыс менен М.Ырсалиевдин талапкерлиги өтпөй калат.

Жыйынтык чечимдин мындай чыгып калышын М.Ирсалиев «Ара-Көл орто мектебинин деректири Турарбек Кубатов Ш.Жапаровдун бир тууган жээни, ошол мугалимдерге «Мыкты мектеп конкурсуна» катышууга 200 миң сом бергени жатат деп ынандырып ушундай чечим чыгарткан. Ал эми айылда өткөн чогулушка Ш.Жапаровдун уруусунан турган 20 пайыз гана эл катышып, макулдук берген»деп катында түшүндүрөт.

Ошону менен өткөн жылдын 17-октябрында айылдык Кеңештин мурдагы 4-чакырылышынын 15 депутаты мугалимдердин, айыл тургундарынын сунушун эске алып, Ара-Көл орто мектебине Ш.Жапаровдун ысымын берүү тууралуу маселени акыркы сессиясындагы күн тартибине киргизип, карамак болушат. Ошол эле учурда карала турган маселеге каршы экендигин билдирген мурдагы чогуу иштеген ардагер 14 мугалимдин колу коюлган өтүнүч каты Чолпон айылдык Кеңешинин депутаттарына, район акими Ж.Шералиевге, КРнын +кмөтүнүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнє жолдонот. Бул өтүнүч кат боюнча Кочкор райондук Кеңешинин төрагасы Э.Темиров Чолпон айылдык Кеңешинин сессиясын эки тарап ынтымакка келишип, мыйзам чегинде чечилгенге чейин өткөрбөй турууну сунуштаган билдирүү катын жөнөтөт. Ага удаа район акими Ж.Шералиевдин «Айыл тургундарынын арасындагы ынтымакты, туруктуулукту сактоо максатында Чолпон айылдык кеңештин сессиясын мыйзам чегинде өткөрүүңүздөрдү сурайбыз» деген катын төрагага жиберет. Бирок айылдык Кеңештин депутаттары жогорудагы кайрылууларды эске албастан эки тарап бир пикирге келе электе ысым берүү тууралуу күн тартибине коюлган маселени карап, 6 депутат каршылыгын билдирип сессиядан чыгып кетип, төрага калыс, сегиз депутат макулдугун билдирген чечим кабыл алышат. Мына ушул күндөн тарта айылдагы эки тарап бир пикирге келе алышпай, уруу-урууга бөлүнүп жарылып, арыздашып келишет. Бул тууралуу арыздануучу тарап дагы, ишти караган күбө болгон тарап да өзүнүн туура жагын айтып пикирин билдирди.

Молдобек Ирсалиев, Ара-Көл айылынын тургуну:

- Мамлекеттик обьектиге эмгеги сиңген чыгаан адам болсо аты берилсин деп жободо жазылып турат. Ал ысымы берилип жаткан адамда мектеп деректиринин Алкыш баракчасы жок. Кийин Молдош Чакиев Эл агартуунун мыктысын берип жатпайбы. Ал эми Эл агартуунун мыктысы мамлекеттик сыйлыкка кирбейт.

Арызды жазган Туз менен Оро-Башы айылынын мугалимдери болчу. 13 мугалимден Президентке, Жогорку Кеңешке, +кмөткө, билим берүү министрлигине, +кмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, коопсуздук кызматына, акимге жети жерге жазылган кайрылуу каты каралбай жатат. Булар 86 адамга кол койдурушкан. Мени колдойбуз дегендер 214 адам. Биздин талабыбыз «эмне үчүн наамы, мамлекеттик сыйлыгы жок адамдын аты мектепке коюлат»-деген маселе болуп жатат. Мыйзам боюнча чечим чыккандан кийин айыл өкмөтү буйрук чыгарыш керек. Ал буйруктун негизинде Молдош Чакиев билим берүү министрлигинен макулдук сураш керек экен. Министрлик билбейт. Муну бир гана сот бузат экен. Кочкор райондук сот бузбаса, облуска, алар бузбаса жогорку сотко чейин беребиз.

45 күндө мектеп салдыргам. 70 миң сом акча чогулган. Ошонун 20 миң сомун Ырсалиевдер берген. Суу түтүкчөсүн курдуруп бердим. Медициналык пункттун 50 пайызын Рахат уулум экөөбүз жасап бердик. Сметасы 750 миң сом. АРИС бергени 285 миң сом. Калганын мен таап койгом. Чоң эки залы бар төрт бөлмөлүү дубалы турган үйүм бар болчу. Ошону бергем. Башкы врач мага стандартка ылайык жай керек дегенинен тамды кайра алам деп Кочкор совхозундагы медициналык бөлүмчөнүкүндөй кылып салып бердим.

Жерди документтерин тууралап, мыйзамдын негизинде үлүш жер катары алгам. Мектептин жанындагы жеримди ченетсем бир гектар жетпейт. Ошондон нары улай кестирип алгам.

Бейшебаев Качыке, Ара-Көл орто мектебинин мурдагы деректири, айылдын тургуну :- Экөө тең мага бир айылдын кишилери. Мен мектепте деректир болуп иштеп турганда Шеримбек Жапаров менин кол астымда башталгыч класстын мугалими болуп иштечү. Кыз-келиндер институтунда окуп жүргөн. 80-жылдары билими жокторду мектептен кууп калганбыз да. Бул Райононун жолдомосу менен кыз-келиндер институтуна өткөн. Анда эркектерди деле сырттан окуу бөлүмүнө алчу. 3-курстан эле справка алып келбей тынчып калды. Окуп атам деп эле жүрдү. Көрсө окуудан чыгып калыптыр. Ошону менен жүрүп эле пенсияга чыгып кетти.

Мындан бир топ жыл мурун дагы анын ысымын мектепке берүү тууралуу маселе көтөрүлүп, «Билими, сыйлык, наамдары жок адамдын ысымын мектепке бере бергидей оюнчукпу» деп мурдагы шайланган депутаттарга айтып, кайтарылып алынган. Ошону менен басылып калган. Кайра бул жердеги мектептин деректири Жаныш +мүрбеков өзүнүн жээни болот. Ошол аркылуу кайра көтөрүп чыгыптыр. Муну кайтарып албадык беле деп азыркы айыл өкмөт башчысына да айттым.

Анан мурда чогуу иштешкен 14 мугалимге кол койдуруп, өзүм кайрылуу жазып, сессия болгондо депутаттарга бул эле Нарын эмес Кыргызстан боюнча уят болосуңар. Татыктуу кишини койгула дегем. Илгери Жоомарт Бөкөнбаев, Аалы Токомбаев, Мукай Элебаев дегендер алчу. Ширинбек да ал жерде отурган өзүнө «кайсы мектептин сунушу менен Эл агартуунун мыктысын алганың дагы белгисиз. Ал дагы мыйзамсыз. Сен уялбайсыңбы»?- деп депутаттардын көзүнчө айттым. Анан «райондук кеңештин депутаттарынан дагы каралбасын»-деп кат келиптир деп алты депутат каршы болуп, сегизи карайбыз деп чыгышты. Анан алтоо чыгып кетип, сегизи макулдугун билдирип кол көтөрүп, төрага калыс болгон чечим чыгарып жатышпайбы. Негизи татыктуу эмес. Чогуу иштешкен 14 мугалим эмнеге каршы болуп кол коймок эле. Азыркы мектепте иштеген мугалимдердин бирөө дагы кандай иштегенин билбейт. Ошолор макулдук берип жатышат.

Жаныш +мүрбеков, Чолпон айылдык Кеңешинин мурдагы төрагасы

- Муну депутаттар көтөрүп чыккан эмес. Мектептин жамааты педагогикалык кеңештин токтомун беришкен. Андан мурунураак жалпы Ара-Көл айылынын чогулушу болуп, 100гө чукул адамдын колун койдуруп, мектепке атын берип коюуну өтүнүп, айылдык кеңешке жиберген. Айыл тургундарынын өтүнүчүн кароону биз кабыл алганбыз. Акыркы сессияда депутаттардын бардыгы катышкан. Ар ким өз ойлорун айтты. Айрымдары тынч эле калалы деп каршы болсо, жок айылдын тургундарынын кайрылуусун биз эмне үчүн кабыл албашыбыз керек деген пикирлер болду. Ачык добушка койдум. Сегиз депутат Жапаров Шеримбектин ысымы берилсин деп чечимге добуш беришкен. +зүм калыс болдум.

Ысымы берилген Шеримбек Жапаров өмүр бою мектепте башталгыч класстын мугалими болуп иштеген. Андан акыркы пенсияга чыккан мезгилде «Эл агартуунун мыктысын» алган. Агартуу майданында иштеп жүрүп алган грамоталары бар экен.

Нурбек Жусупбеков, Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы:--Мектепке ысым берүү боюнча маселени Ара-Көл орто мектебинин педагогикалык Кеңеши көтөргөн. Жалпы айылдын эли колдогон. Чогулуш өтүлүп токтому жазылган. Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан макулдук берилген. Шеримбек Жапаров 2000-жылдан бери балдарга стипендия берет экен. Андан тышкары мектепке акчалай жардамдарды берген.

Молдобек Ирсалиев дагы мектепке ысымын берүү тууралуу бир топ жерден кагаздарды алып келди. Мектептен ага каршы болуп коюшкан. Молдобек Ирсалиевдин да Ара-Көл айылында чоң салымы бар. Бирок эл Молдобек долбоор аркылуу +кмөттүн акчасына бүтүргөн. Шеримбек өз жанынан чыгарып берип жатпайбы деп аны колдошуптур.

Ат коюу боюнча социалдык обьект катары жергиликтүү өзүн-өзү башкаруунун өкүлчүлүктүү органы болгон жергиликтүү кеңеш чечет. Эч кандай министрликтен, акимден же айыл өкмөтүнөн сунуш болсун деген жободо жок.

Депутаттар бүт эле мыйзамдуу карашкан. Жергиликтүү Кеңештин жыйналышына депутаттардын жалпы санынын кеминде жарымы катышса укук ченемдүү болот экен. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 15-июлунда чыккан №101 жергиликтүү башкаруу жөнүндө мыйзамынын 28-беренесинин 1-2-пунктуна ылайык эгерде Кеңештин жарымынан көбү катышса, булар чечим кабыл алат. Сегиз кишинин макулдугу менен чечим кабыл алып жатпайбы.

Жободо жазылып турат элдин тынчтыгын сактоо үчүн аткаруучу тескөөчү орган сунуш кылбай койгонго да акысы бар. Мен экөөнүн тең сунушун колдогон эмесмин. Айылдык Кеңешке берген сунушум жок. Эл, мугалимдер менен чогулуш өтүлгөндө мени чыкырышкан эмес. Кийин айыл башчыны, мектеп деректирин тилдедим. Эмне үчүн мени катыштырбастан жыйналыш өтөсүңөр» деп.

Документтин түп нускасын ким чыгарса ошондон барып алыш керек. Укук коргоо органдарынан гана талап кылганда беребиз.

Окуя боюнча Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Жылдызбек Шералиев: «Айылдык Кеңештин төрагасына депутаттардын сессиясында каралбасын деп кат жазгам. Бирок жергиликтүү депутаттар чечкен экен. Мен алардын ар бирине барып айта албайм. Менин оюм боюнча чыр болуп жаткандан кийин токтотуп эле койсо болмок»-деген оюн билдирди.

Бул чуулуу маселе боюнча Кочкор райондук прокуратура териштирүү иштерин жүргүзүп, «ысым берүү тууралуу чечимди чыгарууда эч кандай мыйзам бузуу катталган эмес» деген жыйынтык чыгарыптыр. Бул чечимге канааттанбагандыгын билдирип, нааразы болгон М.Ирсалиев облустук прокуратурага арыз менен кайрылган экен. Алар да арызды карап, 2013-жылдын 6-февраль күнү КРнын +кмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген мамлекеттик маанидеги обьекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу Жобонун 4-пунктуна ылайык мамлекеттик маанидеги обьекттерге тарыхый окуяларды белгилөө, мамлекеттик жана коомдук уюмдардын урматына ошондой эле өтө чыгаан мамлекеттик ишмерлердин, илимдин жана маданияттын ишмерлеринин, башка эмгек сиңирген адамдардын аттары өзгөчө учурларда алардын ысымдарын түбөлүккө калтыруу максатында дүйнөдөн кайткандан кийин ыйгарылат. Көрсөтүлгөн наамдарды ыйгаруу КРнын Премьер-министри менен 3-пунктка ылайык макулдашуу боюнча КРнын жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жүргүзүлөт.

Мындан сырткары КРнын «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамынын 13-статьясы КРнын +кмөтүнүн 20.02.2012-жылдагы №119 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын «Билим жана илим министрлиги жөнүндөгү» Жобонун 6-пунктунун талабына ылайык атактуу инсандардын аттарын билим берүү уюмдарына ыйгаруу КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин макулдугу менен жүргүзүлөт.

17.10.2012-жылдагы мектепке наам ыйгаруу жөнүндөгү Кочкор районунун Чолпон айылдык Кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги 23-сессиясынын №148 токтомун жокко чыгаруу үчүн сиздин дооңуз сотто каралып жаткандыктан укуктук актынын мыйзамдуулугу сот органы тарабынан чечилет деп жооп беришиптир.

Арыз жазган тарап дагы дал ушул жоболорго таянып, мыйзам бузуу катталды деп нааразы болуп жатышат. Ал эми Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жусупбеков бардыгы мыйзам чегинде болгон деп мисал келтирген КРнын жергиликтүү Кеңеш тууралуу мыйзамынын 28-беренесинде жергиликтүү Кеңештин сессиясы тууралуу гана көрсөтүлүптүр.

Ырас, ысым берилген соң аны Юстиция министрлигинен мамлекеттик каттодон өткөрүү зарылдыгы турат. Ал эми Нарын облустук юстиция башкармалыгынан Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) Бирдиктүү мамлекеттик реестринде Ара-Көл орто мектеби 2004-жылдын 22-ноябрында мамлекеттик кайра каттоодон өткөн. Азыркы учурда аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу аталган мектеп мамлекеттик кайра каттоо үчүн тиешелүү документтерин тапшырып мамлекеттик кайра каттоодон өтө элек жана ал жөнүндө күбөлүгүн ала элек- деген башкармалыктын жетекчиси М.Кармышаковдун колу коюлган каты бизде турат.

Тактай келгенибизде Ара-Көл айылынын тургундарынын, Ара-Көл орто мектебинин мугалимдер жамаатынын кайрылуулары, Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн, айылдык Кеңештин №148 токтому Кочкор райондук «Эмгек Туусу» гезитине 2012-жылдын 3-ноябрындагы №32 санына жарыяланып, 2012-жылдын 6-ноябрында №03-18/635 каты менен КРнын Юстиция министрлигине ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жиберилиптир. Анын негизинде мурунку документтер такталып, кайрадан каттоодон мыйзам чегинде өткөрүлүш керек болчу.

Бирок учурда тилекке каршы мамлекеттик каттоодон өтпөстөн мектепте Ш.Жапаровдун ысымын берүү боюнча салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, ысымы жазылган такта илиниптир. Азыркы убакта бул ысым берүү тууралуу М.Ирсалиев тарабынан жазылган арыз Нарын район аралык сотто каралмакчы. Акыркы чекитти сот органдары гана коё алат эмеспи. Алар кандай чечим кабыл алаары учуру келгенде белгилүү болот.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...