Акыркы макалалар

Мектептерде Билим берүү министрлиги жактырбаган китептер колдонулуп жатат

Педагогдорду даярдоочу жогорку окуу жайларында орус тилдүү мектептер үчүн адистерди окутуучу топтор жок. Азыркы иштеп жаткан мугалимдер эс алууга кеткенден кийин кадрлардын жетишсиздиги чоң боло тургандыгын түшүнүш керек деп эсептейт Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын бөлүм башчысы Ирина Пузырева.

БИШКЕК, 5-мар — Sputnik. Бишкек мэриясынын билим берүү башкармалыгынын билимди өркүндөтүү бөлүмүнүн башчысы Ирина Пузырева билим берүү мекемелеринде сааттардын саны азайтылышы тууралуу Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берди.

— Жакында мектептерде бүтүрүү сынактары өтөт. Ага удаа жогорку окуу жайларына сынактар башталганы турат. Азыркы окуу программалары чет мамлекеттик окуу жайларынын абитуриенттерге койгон талаптарына канчалык ылайык келет?

— Мурдагы СССрдин мүчөсү болгон бардык мамлекеттер көз карандысыздыктын чейрек кылымы ичинде баарыбыздын руханий жана маданий негиздерибиз жана дүйнөдө болуп жаткандарга, билимге карата көз карашыбыз окшош деген бирдей тыянакка келишти деп ойлойм. 70 жыл бою бир мамлекет болуп туруп, кескин түрдө өз алдынча өлкөлөргө ажырап кетүү бул окшоштуктарды жоё алган жок.

Бизди көп нерселер: каада-салттар жана, эң башкысы, башыбыздан өткөргөн жалпы тарых жана ал жөнүндө эскерүүлөрүбүз байланыштырып турат. Ал эми бул көз карандысыздык мезгили, тагыраак айтканда, бөлүнүп-жарылуу мезгили кайра эле бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзүү зарылчылыгын түшүнүүгө алып келди.

Билим берүү сабактарына карай бирдиктүү көз караш бизге өтө керек. Мисалы, тарыхты алалы. Азыр көпчүлүгү тарыхты каалагандай кайра бычып жатышканы жашыруун эмес. Бирок мезгил акыры баарын өз ордуна коёт эмеспи. Кыргыз-орус мамилелеринин узак жолунда болгон тарыхый окуялар жөнүндө Биздин жаштардын түшүнүгү туура болушу биз үчүн чоң мааниге ээ.

— Сааттарды кыскартуу зарылчылыгы эмнедеп пайда болду?

— Билим сапатын баалоо боюнча эл аралык PISA программасына катышуу Кыргызстандын мектеп окуучуларынын билим деңгээли жана сапаты начар экендигин көрсөттү. Албетте, мамлекет алдында бул көрсөткүчтү жакшыртуу маселеси пайда болду. Биз билим берүүнүн ар түрдүү үлгүлөрүн — фин, малайзиялык, кытай, немис жана россиялык үлгүлүрдө изилдей баштадык. Тиги же бул сабактарга бөлүнүүчү сааттардын саны да изилденди.

Албетте, бир жылда миңден ашык саат бала үчүн өтө чоң жүк. Ошондуктан аны кыскартуу чечими кабыл алынган.

— Демек, балдардын билими начар экендигин аныкталган соң, аларды дагы азыраак окутуу чечими кабыл алынган тура?

— Сааттарды биринчи кезекте ойлонуп кыскартыш керек окуу программалары, китептер менен камсыз кылынбаган сабактардын саатын кыскартыш керек болчу. Бизде болсо математика, тарых боюнча сааттар азайып, дагы табигый илимдер боюнча сабактар абдан кыскартылып кеткен. Биз башында да, азыр да буга каршылык көрсөткөнүбүзгө карабастан, баары бир ушундай чечим кабыл алынган.

— Бул чечимге кандайча каршылык көрсөтүп жатасыңар?

— Өзүнөн өзү болчу жол менен. Сааттар кыскартылып, бирок программа жана окуу китептери жок. Ошон үчүн эски программа, китептер менен иштөөгө туура келип жатат.

Билим берүү жана илим министрлигинин кеңеши боюнча орус тилдүү мектептерде Россиянын китептерин колдонуп жатышат. Бирок бизде жогорку класстардын программасына ылайык келе турган кыргызстандык китептердин жоктугун белгилөө зарыл. Бешинчи класска чейин бар, ал эми андан жогоркулар үчүн жок. Бүгүнкү күндө орус тилдүү мектептерде бешинчи класстан 11-класска чейин окуу-усулдук комплекс бизде деги эле жок абалдабыз.

Дагы бир кыйынчылык – мектептерде бир эле сабак боюнча бир класстан экинчи класска карай мазмундук-программалык байланыш жок. Мисалы, башталгыч класстарда Петерсондун китептерин колдонууга тыюу салынган, ал эми жогорку класстарда ошол эле автордун китептери менен окушат.

Орус тили, биология, химия, физика жана математика сабактарын биз россиялык китептер боюнча окуйбуз, бирок алардын баарына тең биздин Билим берүү министрлиги уруксат берген эмес, жада калса, Россиянын программасы биздин орус мектептер үчүн программадан өтө айырмаланып турат.

Ведомство окуу куралдары жана прогарммалар боюнча мектептерге эң көмөк кылбастан, өзүңөр чечкиле деп койгон сыяктуу. Азыр ар бир мектеп автордук болобу, модификацияланганбы же башкабы, иши кылып, өз программасын түзүү аракетинде. Бирок бизге баары үчүн жалпы бир программа керек.

Кыргыз тилдүү мектептердин ушундай эле өз кыйынчылыктары бар. Алар мугалимдер жана китептер менен толук камсыз кылынганы менен, ошол китептердин сапаты олуттуу нааразылыктарды жаратат.

Аларда грамматикалык жана башка каталар абдан көп. Ал тургай окуучулар да айтып жатышат. Мисалы, көпчүлүгү Юсупованын авторлугу менен чыккан англис тили китебин колдонуудан качышат. Анда каталар көп, бирок китеп окуу программасына киргизилген.

— Билим берүү тутумунда окуу программаларынан башка кескин өзгөртүлгөн башка факторлор барбы?

— Биринчи кезекте бул кадрлар. Алар азыр өтө төмөн педагогикалык мүмкүнчүлүктөрү менен келип жатат.

Педагогдорду даярдоочу жогорку окуу жайларында орус тилдүү мектептер үчүн адистерди окутуучу топтор жок. Математика, физика, информатика, химия жана биология боюнча педагогдор да даярдалбайт. Азыркы иштеп жаткан мугалимдер бир нече жылдан кийин эс алууга кетиши менен кадрлардын жетишсиздиги чоң боло тургандыгын түшүнүш керек.

Бүгүнкү күндө мектептер менен жогорку окуу жайларына сабакты окутуу усулдарын билбеген, балдардын жаш-курактык өзгөчөлүктөрү менен тааныш эмес, сабактардын планын жаза албаган жаш адистер келип жатат.

Жаш мугалимдер кичинекей балдар менен тил табыша албайт, анын себеби – жогорку окуу жайларында педагогиканын чеберчиликке окутуу талаптагыдай деңгээлге коюлган эмес. Албетте ар кандай чыр-чатактуу жагдайлар пайда болот. Анан калса эмгек акысынын төмөндүгү мектепке кызыктуу, жөндөмдүү жана чыгармачыл адамдардын келишине шарт болбой жатат.

Өзгөчө маселе — билим берүү мекемелеринде окутуучулар курамынын гендердик тең салмаксыздыгы. Классикалык совет тасмасындагыдай — "эркектер жетпейт".

Эгер балдардын келечеги жөнүндө айтсак, аялдардын тарбия беришинин басымдуулугу өз изин калтырбай койбойт. Эркек мугалимдер бар мектептерде зомбулук мектеп-рэкети сыяктуу көрүнүштөр, аял мугалимдер басымдуулук кылгандарга караганда бир топ аз.

Ушул себептен эмгекке үйрөтүү маселесин чечүүдө да мүчүлүштүктөр көп. Эркек педагогдун жоктугунан эркек балдарды тигүүгө, тамак жасаганга, кир жууганга, карвингге ж.б. окутуп жатышат. Алар болсо устачылык кылып, курал-жабдыктарды колдонгонду, деги эле эркектин жумушун үйрөнүшү керек. Эмгек сабактары үчүн инвентарлар да жетишпейт, бирок эң негизгиси алар менен иштегенди үйрөтө турган адистер жок.

Түп нускага шилтеме : sputnik.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...