Акыркы макалалар

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун бир күнү

Бишкек мэри Кубанычбек Кулматовдун бир күнү

Бир жыл аралыгында шаар башчы кайсы маселелерди чечти, борбордун келечегин кандай көрөт, кызматтык милдетин кандай аткарат? Калаа башчыны бир күн коштоп, иш ыргагын чагылдыруу менен суроолорубузга да жооп алдык.

Эртең мененки 7:50дө шаар башчы иш бөлмөсүнө кирди. Өлкөдөгү акыркы жаңылыктардан кабардар болуу үчүн интернет булактарын барактап чыкты. Мэрдин бир күндүк иш ыргагы ушул менен башталып, 8:15тен 9:00гө чейинки убакытта вице-мэрлердин катышуусу менен жалпы жыйын өткөрдү. Андан кийин иш бөлмөсүндө документтерге кол коюп, компьютериндеги «SENSUS» электрондук документине үңүлдү. «SENSUS» программасынын ишке киргенине 4 айдын жүзү болду. Бул программа шаар тургундары менен мэрия кызматкерлеринин иш алып баруусуна абдан ыңгайлуу экенин Кубанычбек Кеңешович белгиледи:

— “«SENSUS» программасы 2014- жылдын аягында ишке кирген. Бул система кире элек мезгилде шаар тургундары мэрияга ар түрдүү маселе-сунуштары менен кат жазып кайрылчу. Каттар, кабат-кабат болуп жыйылып турчу. Учурда «SENSUS» системасы менен иштеп жатабыз. Мэрияга кайрылгандар электрондук дарекке кат жазышат. Келип-кеткен убактысы сарпталат. Дарекке келген каттарды, оболу өзүм көзөмөлгө алып, тийиштүү бөлүмдөргө жөнөтүп, эки жума убакыттын ичинде жооп кайтарабыз. Шаардыктар түрдүү маселе менен кайрылат: шаар ичиндеги ар кандай маселелер, материалдык жардам же батир сурагандар болот. «SENSUS» программасын орнотууга, бюджеттен бир да сом алынган жок. Атайын донордук уюмдардын көмөгү менен ишке ашты. Бул программанын эффективдүүлүгү артууда. Келечекте шаардык муниципалитеттин бардык кызматтарына аталган системаны ишке киргизүүнү пландап жатабыз”.

Саат 11.00дө мэр менен биргеликте Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияга багыт алдык. Эл аралык аялдар күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болуп, ага өлкөнүн биринчи айымы Раиса Атамбаева, Президент аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, төраганын орун басары Асия Сасыкбаева, вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев, Жогорку соттун төрайымы Феруза Жумашева, билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева жана Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов катышты. Калаа башчысы жалпы шаардыктарды жаз майрамы менен куттуктап, жалпы аялзатына бакыт каалады.

Ортодо шаар башчыга айрым суроолорубузду узаттык:

- Өз милдетиңизди кандай аткардыңыз, бир жылдык ишиңизди өзүңүз кандай баалайсыз?

— Чындыгында, бул убакыт мага абдан татаал болду. Анткени, ар бир адам үчүн жаңы жумушка көнүү, артылган жоопкерчиликти сезүү, көп убакыттан бери иштеп жаткан кызматкерлер менен иш алып баруу, аларды түшүнүү үчүн убакыт керек. Бул тармак мен үчүн жаңы. Ошол себептен, бир чети мага ары татаал, ары кызыктуу жыл болду. Мэрия – биздин өлкөнүн борборунун бардык кызыкчылыктарын бириктирип кармаган түйүн. Ырас, көп сындар айтылууда. Баарын туура кабыл алам. Бардык маселени акырындык менен чечүүдөбүз. Жыл ичинде жалпы аянты 14,4 миң кв. метр жол оңдолду. Шаардык бюджеттен 44,7 млн. сом суммасында каражат келген, алар “Дордой” конушундагы мектептин курулушуна, конуштарда 5 жол чырактын орнотулушуна жана Калыс Ордо мектеби боюнча долбоорлоо иштерине чыгымдалган. Жыл ичинде 19 троллейбус сатылып алынды, 946 жарык бергичтердин иштеши калыбына келтирилди, 10 жол кесилиштерине “Азиз жөө адам” аттуу үн чыгаруучу жана жол белгилери бар жабдуулар орнотулду. Мурас Ордо жана Калыс Ордо конуштарында амбулатория эксплуатацияга берилди. Бир топ иштер жасалды, ошол эле учурда дагы аткарылчу иштер алдыда, саны да арбын.

- Борборго түшүп жаткан курулуштар шаардын көркүн арттырып жатат деп ойлойсузбу?

— Курулуштарды Бишкек шаарынын мэриясы карабайт. 2009-жылдан бери курулуштарга биздин тиешебиз жок. Мамлекеттик курулуш, Бишкек башкы архитектурасы, экотехинспекциялар, көзөмөлдөөчү жана курулушка уруксат берчү башка курамдар бар. Биз Өкмөткө 6 ай мурун сунуш киргизгенбиз, борбордун макамына ылайык мэрияга курулуштарды берүүнү суранганбыз, азыр кызыкчылыктардын күрөшү жүрүүдө.

- Шаар барган сайын айылга айланып баратат деген пикир жашайт, буга макулсузбу?

— Учурда урбанизация бүт дүйнөдө өтүп жатат. Шаардагы калкка көңүл буруу күчөдү. Шаар калкынын көбү соода-сатык, тейлөө кызматынын эсебинен жашагандыктан, көп бөлүгү өзүн бул тармакта сынап жатат. Болгон ишмердүүлүгү ушул нерсе. Ошондуктан, Бажы биримдигине кирүү бизде ишканаларды локалдаштырууга мүмкүндүк берет.

- Жаңы конуштарды шаарга жакындатуу жагы кандай нукта жүрүп жатат?

— Жаңы конуштардын тургундары бардык нерсени өз атынан аташат. Бардыгын бетке айтышат. Чындыгында жаңы конуштарда көйгөйлөр көп. Жаңы конуштар пайда болгондон бери алардын инфраструктурасын жакшыртууга 4 млрд. сом сарпталган. Бюджеттен бөлүнгөн акчалар дарегине жетпей калган учурлар көп. Бул фактылар боюнча кылмыш иштери козголгон.

- Ал эми калктын маданий деңгээлин көтөрүү маселеси боюнча кандай пикирдесиз?

— Шаардыктар менен айылдыктардан чоң айырма көрбөйм. Айрым учурда, алыстан келгендер шаарга көбүрөөк сый мамиле жасашат. Бул нерсе кыргызстандыктардын жалпы маданият маселеси, ал нерсе үй-бүлөдөгү тарбиядан башталат. Биргеликте ушул максатта иштешибиз керек.

Саат 13:10. Түштөнүү убактысы. Шаар башчы түшкү тамагын мэриянын ашканасынан алдыртып тамактанат. Күнүмдүк керектөөгө 150-200 сом чыгымдайт. Түштөнүү убактысы аяктаган соң, саат жебеси 14:00дү какканда мэр «Борбордук Азия үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөр» фонду аркылуу Европалык комиссиянын өкүлчүлүгүн кабыл алды. Айлана-чөйрөнүн жагымдуулугун арттыруу жана шаардагы, турак жайлардын, шаардын чет жакасын санитардык-эпидемиологиялык акыбалын жакшыртуу максатында ишке ашырылып жаткан жалпы суммасы 22 млн. еврону түзгөн гранттык келишимге кол коюлду. Эгер бул долбоор ишке ашып калса, долбоордун чегинде төмөнкү маселелер чечилгени турат.

Бишкек шаарыбыздагы кургак тиричилик калдыктарын кайра иштетүү, заманбап башкаруу процессин уюштуруу – мериянын алдыдагы милдети. Бүтүндөй кургак таштанды, калдыктарды чогултуу, чыгаруу, иргөө, кайра иштетүү жана таштандыларды көмүү. Ошондой эле таштанды ташталган жердин зыяндуулугун жок кылуу, коопсуз көмдүрүү маселесин чечүүнү көздөөдө. Ага утурлай эле шаар ичинде пластик жана кагаз чогултуучу контейнерледин жаңы үлгүсү орнотулат. Жаңы технологияларды колдонуу менен ишке ашырууну оптималдаштыруунун жолдору каралууда. Таштандыны кайра иштетүү үчүн полигондун курулушу боюнча долбоорду ишке ашыруу 2015-2016 жылдарга пландаштырылууда.

16:12. Калаа башчынын кабылдамасына келгендердин аягы суюлбайт. Шаар башчысына кирип, өз маселелерин айтам дегендер оголе көп. Мэр кезек-кезеги менен шаардыктарды кабыл алып, мүмкүнчүлүгүнө жараша маселелерин угуп, айрымдарын чечип берет. Мектеп, бала бакча, суу түтүктөрүн оңдоп-түзөө, дагы бири жеке маселелери же турмуштун ар кандай кырдаалдарына кабылып, материалдык жардам сурап келгендер да бар.

17:40та мэр билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен жолукту. Шаардык №2 орто мектептин жамааты менен жолугуп, аларды жаз майрамдары менен куттуктады. Мектептин жамааты менен жолугушууда түрдүү маселелер ортого салынды.

19:00дө Бишкек мэриясынын Кадрдык резерв программасынын жумушчу тобу менен жолугушуу өткөрүп, даярдыгы менен таанышты. Бул программа келерки жума ичинде билим берүү жана илим министри жана Жогорку окуу жайларынын ректорлору менен биргеликте талкууланат.

20:00дө иш бөлмөсүнө баш багып, документ иштерин кайрадан дагы бир карап чыгып, кийинки иш күнүнүн планын түзүп, саат 20:40 мүнөт өткөндө иш күнү аяктап, үйүнө сапар алды.

Даярдаган Мээрим БАКТЫБЕКОВА

Түп нускага шилтеме : erkintoo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...