Акыркы макалалар

Ат-Башы районунда малдын кутурма оорусу аныкталды

Бишкек, 12-март /Кабар/. Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кара-Суу айыл аймагында малдын кутурма оорусу чыккан.

Ооруган мал ветеринардык-санитардык эрежеге ылайык текшерилип оорусу аныкталган. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

2015-жылдын 11-март күнү Ат-Башы районунун Сары-Иймек кыштоосуна жана Жибек-Жолу айылына оору жайылып кетпөө үчүн чектөө киргизилген.

Бүгүнкү күндө оору катталган аймактарда ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгы тарабынан малга жана ит, мышыктарга эмдөө жүргүзүлүүсү милдеттендирилген.

Райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору тарабынан атуулдарга медициналык көзөмөл жана калк арасында кутурма оорусу жөнүндө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын аймактык мергенчилер коомуна жана айыл өкмөт башчыларына райондун аймагындагы карышкыр, чөө, түлкүлөрдү жана жолбун иттерди атуу иштерин жүргүзүү боюнча тапшырма берилди.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...