Акыркы макалалар

Кыргызстанда бөйрөктү трансплантациялоо боюнча борборду курууга тендер жарыялады

Кыргызстанда бөйрөктү трансплантациялоо боюнча борборду курууга тендер жарыялады

Бишкек, 13-март /Дайырбек Мейманов-Кабар/. Кыргызстанда бөйрөк оорусу көбөйүп жаткандыгын өлкөнүн башкы урологу Акылбек Усупбаев билдирди.

«Кыргызстанда жүрөк, дем алуу органдарынын оорусунан кийин эле бөйрөк дартынан каза тапкан адамдардын саны көп. Биздин урологиялык борборго тез жардам боюнча күнүнө 30-40 киши, ал эми пландуу түрдө 100дөн ашык оорулуу кайрылат. Бөйрөк оорусунун көбөйүп жатышынын башкы себеби – элдин оор турмушу, тышкы жана ички миграциянын токтобой жаткандыгы, жарандардын өз убагында дарыгерге көрүнбөгөндүгү»-деди ал.

Бөйрөгүнөн жабыркагандардын укугун коргоочу жарандык активист Темир Султаналиев бөйрөк оорулуу жарандардын дарылануусуна акча аз бөлүнүп жатканын, бөйрөгү алмаштырылган жарандарга өкмөт тарабынан каражат бөлүнбөгөндүгүн, бул көйгөйлөргө Саламаттыкты сактоо министрлиги көңүл бурушу керектигин билдирди.

Ал эми Бактыгүл Оторова аттуу жарандын айтымында да бөйрөгүн алмаштыргандарды дарылар менен камсыздоодо көп көйгөй жаралып жатат, өзүнүн баласына донор болгондугунан улам бул жааттагы оорчулукту беш колундай билет.

«Денеге органдарды алмаштыргандан кийин дарылар керек. Ал дарыларды өмүр боюу колдонууга туура келет. Бул дарылар биздин дарыканаларда оңой менен табылбайт, болсо дагы абдан кымбат. Биз аны буйрутма менен Түркиядан алдырабыз. Мен ай сайын 20 миң сомду ошол дарыларды алганга коротом», - деди ал. Ал өзүнө окшоп дарылардын жетишсиздигинен жапа чегип жаткандар көп экендигин кошумчалады.

Ал эми Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында бөйрөк ооруларында эпидемия жок. Кыргызстанда бөйрөк ооруларын дарылаган борборлордун аздыгы, трансплантация жасалбагандыгы көйгөй жаратууда. Чет өлкөдөн трансплантацияланып келген күндө да, бизде материалдык базанын, клиникалык күчтүн, дары-дармек менен камсыздоонун өтө төмөндүгүнөн көйгөй жаралууда.

«Бюджеттик жардам жогорулатылбаса, биз буларды чече албайбыз. Бирок ага карабастан биз саясий чечкиндүүлүк көрсөтүп, бөйрөктү трансплантациялоо боюнча борборду курууга расмий түрдө тендер жарыяладык. Учурда сунуштарды топтоп жатабыз. Инвесторлор үчүн имарат берилет»-деди Т.Батыралиев.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, өлкө боюнча өтүшүп кеткен бөйрөк оорулуулардын жалпы саны 1488. Алардын 473ү бюджеттик негизде гемодиализ аппараты менен камсыздалган. Мамлекет бөйрөк оорулууларды дарылоого зарыл болгон каражаттын 10%ы менен гана камсыз кылат.

Депутат Ыргал Кадыралиева бөйрөк илдетинен жапа чеккендердин жагдайын Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте талкуулап, жыйынтыгында депутаттык комиссия түзүлүп, бөйрөк оорулууларга бөлүнгөн акча каражатынын чоо-жайы, дары-дармек менен камсыздалышы, дары-дармектерди алуу боюнча тендерлердин өткөрүлүшү сыяктуу маселелер иликтөөгө алынып турарлыгын билдирди.

"Кабар-Пресс" мамлекеттик маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...