Акыркы макалалар

Басма сөз катчы: «Саясий күрөштүн ар кандай ыкмалары бар, бирок, карандай калпты таратуу журналисттик этиканы одоно бузууга жата

Бишкек, 16-март /Кабар/. «Медиа полис институту» коомдук фонду 16-мартта ЖК төрагасы Асылбек Жээнбеков «Азаттык» радиосуна карата чара колдонуу жөнүндө парламенттин эки комитетине протоколдук тапшырма берди деген жалган маалыматын таратты. Буга байланыштуу өз аргументибизди берүүнү туура таптык. Бул тууралуу төраганын басма сөз катчысы Нурканбек Керимбаев билдирди.

Биринчиден, 26-февралдагы парламент жыйынында ЖК депутаттары Тынчтыкбек Шайназаров, Айнуру Алтыбаева жана Курманбек Дыйканбаев айрым массалык маалымат каражаттары парламент ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты бир жактуу берип жатканын көтөрүп чыгышкан. Мындан улам, айрым бир кемчиликтер үчүн жалпы Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүн жокко чыгаруу болбостугун, андыктан, маалыматтык коопсуздук жөнүндө ойлонуу керектиги айтылган. Бирок, кандайдыр бир маалымат каражаттын аккредитациясын алып салуу тууралуу кеп болгон эмес. Мисалы, ошол эле «Азаттык» радиосу жөнүндө бир да сөз айтылган эмес. Демек, «Медиа полис институтунун» 16-марттагы билдирүүсү негизсиз же атайылап жалган маалымат таратуу аркылуу коомчулукка тескери маалымат жеткирүү максаты коюлушу ыктымал. Саясий күрөштүн ар кандай ыкмалары бар, бирок, карандай калпты таратуу журналисттик этиканы одоно бузууга жатат. Жалган маалыматты тараткандар мыйзамдан коркпосо да, Кудайдан корксо туура болмок.

Экинчиден, төрага сөз эркиндигинин жактоочусу жана адилет, калыстыкты туу туткан, баарынан Кыргызстандын кызыкчылыгын жогору койгон ММКлардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаралбашы керек деп эсептейт. Аталган коомдук фонд мындай жалган маалыматы үчүн кечирим сурашы керек деп эсептейм.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...