Акыркы макалалар

Ат-Башыда карышкыр күн сайын малга кол салууда

Бул боюнча «24.kg» агенттигине Нарындын Ат-Башы районунун Ак-Талаа айылынын тургуну Жакшылык Эгембердиев билдирди.

Айтымында, учурда малчыларга абдан кыйын болууда. Бир жагынан бизде кыш узак, экинчи жагынан жем-чөптүн тартыштыгы бар, анан калса карышкырлар күн сайын талаадагы малга күч болуп турган чак. Ак-Сай, Арпа, Кара-Булак кыштоолорунда малын карышкырга алдырып жер муштап калгандар канча. Жакында эле Кара-Булак кыштоосунан алты жылкы, анын эртеси дагы эки жылкысын жедирип ийгендер болду» – дейт.

Албетте, бул окуя бир эле айыл тургундарынын башына түшкөн мүшкүл экенин кошумчалаган Жакшылык Эгембердиев дегеле жалпы район боюнча алганда өткөн жумада эле жыйырмадан ашык малдын башы жок болгонун айтат.

«Айлабыз кеткенде ашар жолу менен айылда кимдин мылтыгы болсо, аларга 500-1000 сомдон акча төлөп, эгер алар карышкырды атса, терисин кошо алгыдай кылып сүйлөшүп атабыз. Мамлекет аңчылар союзун бизге жиберип жардам кылса болот эле», - деди Жакшылык Эгембердиев.

18.02.2013 | «24.kg» MA Мунара БОРОМБАЕВА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...