Акыркы макалалар

Кыргызстан калкынын жалпы өлүмдүүлүк көрсөткүчү КМШ ичинен эң төмөн болуп эсептелинет

Кыргызстан калкынын жалпы өлүмдүүлүк көрсөткүчү КМШ ичинен эң төмөн болуп эсептелинет. Бул тууралуу КР саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев дүйшөмбү күнү жыйынтык коллегиясынын жыйынында билдирди.

«Калктын өлүмдүүлүгүнүн жалпы көрсөткүчү өзгөрүлгөн жок, алдына ала маалыматтар боюнча 100 миң калкка 6,5 туура келүү менен, көрсөкүч КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң төмөн болуп эсептелинет», - деп билдирди М. Калиев.

М. Калиев белгилегендей, КМШда жалпы өлүмдүүлүктүн орточо коэфициенти 12,3%ды түзөт, Орусияда – 14%, Казакстанда – 9%.

«Калк арасындагы өлүмгө себеп болгон негизги факторлор кан айлануу системасынын оорусу (51,5%) себеп болууда, 2011-жылы бул көрсөткүч 50,1%ды түзгөн», - деп билдирди М. Калиев.

Анын сөзү боюнча, 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча өлүмгө себеп болгон негизги факторлор: онкологиялык оорулар – 9,5%, дем алуу органдарынын оорулары – 7%, тамак сиңирүү органдарынын оорулары – 6,8%, жугуштуу оорулар жана митечилик оорулар – 2,6%.

18-февраль. КырТАГ - Диана Эсеналиева.

Түп нускага шилтеме : www.kyrtag.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...