Акыркы макалалар

Томск-Ош аба каттамы май айына чейин токтотулду

"Урал авиалиниялары" компаниясы Томск - Ош каттамын убактылуу жабуу тууралуу чечим кабыл алды. Компания муну экономикалык жагдайга байланыштырды.

Бул багыттагы учуулар 5-майда кайра жаңыланмакчы.

Буга чейин Ош аэропортунан учкан алгачкы учакты 24-февралда Томскдан кабыл алышкан. "Урал авиалиниялары" компаниясы ар бир шейшемби сайын каттамды учуруп турууну пландаган.

Бирок 3, 10-мартка жана 17-мартка белгиленген каттамдар жогорудагы себепке байланыштуу токтотулган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...