Акыркы макалалар

Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер: “Шайлоочуларга жараша башкаруучулар”

Жыпар Жекшеев, коомдук ишмер: “Шайлоочуларга жараша башкаруучулар”

Бир кездеги Кыргызстан демократиялык кыймылынын негиздөөчүсү Жыпар Жекшеев учурда дале коомдук иштерде активдүү. Анын пикиринин коомдо өз орду бар. Себеби, кайсы гана бийлик келбесин, бир беттегени чындык. Анда эмесе, бизди кызыктырган суроолорго жооп алууга аракет кылып көрөлү.

--Сиз жакында эле коомдук каналдан Ахматбек Келдибековдун соту тууралуу оюңузду билдирип, соттор акыйкатсыздык кылып жаткандыгын айткансыз. Эми сот процесси мындан кийин кандай болот деген ойдосуз?

--Сот чечимди чындыкка карап туруп чыгарышы керек. Эч кандай саясий оюн, соодалашуу болбошу зарыл. Эгер ыплас иштер боло турган болсо, элдин бийликке болгон нааразычылыгын мына ошол соттор пайда кылат. Ахматбек Келдибековдун мыйзамсыз ишке баргандыгы бир эмес, эки далил менен аныкталып отурат. Кылмыш иши козголгондо баягы улак тартып, чуркап жүргөн Келдибеков ооруканага жатып алды. Азыр коомчулук билип калды, кимге кылмыш ишин козгосо ооруканага чуркай тургандыгын жана оппозицияга өтө качмайларын. Бийликте, кызматта отурганда ооздорун жип менен бууп алып иштешеби, билбей, балык болуп калышат дагы кызматтан кетип же кылмыш иши ачылса, бийликти сындап жатып калышат. Мамлекеттик кызматта иштеп, ушунчалык чоң байлыкка ээ болуу мүмкүн эмес. Байлыкка ээ болгон мамлекеттик кызматкер жумушунан сырткары ишкерлик менен алектенет же коррупциялык жолго барган. Келдибеков өмүр бою мамлекеттик кызматта келе жатат. Бирок, ал сотто ошол топтогон байлыгын ачыктап, иштеген ишиндеги кемчиликтерин жокко чыгарууга мүмкүнчүлүгү болгон. Ал андай кылбай коомчулукка актанып жатты.

--Мамлекеттик иште иштеп, ишкерлик кылбай туруп байыган адамды коррупционер деп айтсак болобу?

--Мына мен СССР учурунда 80-жылдардын аягында коомдук иштерге аралаша баштаганда ишкерликти баштагам. Ал кезде ишкерлигиме катуу бут тосуп, партиялык бийлик мени жок кылууга аракет кылды. Ошол кезде бизнесимди жок кылышты, мен болсо коомдук ишке, толугу менен оппозицияга өтүп кеттим. Ушул кезге чейин депутат болдум, ЮНЕСКОнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн башкарып турдум, акыркы жолу эле “Кыргыз алтындын” директорлор кеңешинде мүчө болдум. Ушул жыл аралыгында кандай гана жакшы айлык болсо дагы унаа, турак жай сатып алмак тургай, жетиштүү жашоого мүмкүн эмес экенине көзүм жетти. Мамлекеттик кызматта өмүр бою иштеп эл катары, жөнөкөй жашашың мүмкүн бирок, Ахматбек Келдибековчулап кабат-кабат үйлөрдү ала албайсың. Азыр прокуратуранын, министрликтердин, дегеле мамлекеттик органдардын жумушунун алдына барсаң абдан кымбат баалуу унаа айдашат. Мунун баарын алар каяктан алып жатышат? Албетте, алардын 80-90 пайызы коррупционерлер.

--Азыр сотторго нааразычылык күч эмеспи. Сиз бул тармакты жакшыртуу үчүн эмне сунуш айтат элеңиз?

--Мен АКШга көп жолу бардым. Бирок, алардын саясатын колдобойм. АКШнын баарын эле жаман дебестен алардын дагы жакшы жагын алсак болот. Мисалы, сот системасынан. Сот процессин ишке ашырууда юридикалык билими бар, бир канча жылдан бери бул тармакта иштеген адам гана эмес, АКШнын бардык жарандары укуктуу экен. Башкача айтканда ырчы, журналист, өтүкчү болсо дагы сотко чакырып эки тараптын чындыгын аныктаңыз дешет. Ал жаран соттошуп жаткан эки тарапты, сот процессин алып баруучуну, жактоочуну дагы тааныбайт. Сот процессине келип далилдер, чындык жана жалган деген эки тарап менен гана таанышат. Мен АКШда сот ишине катышып көрдүм, анан бир сотко кирип таанышып, “өмүрүңүздө коррупцияга аралашып, акча алган учуруңуз болгонбу?” деп сурадым. Ал киши биринчи угуп күлдү. Себеби, коррупциялык жол менен акча алуу анын оюна дагы келбейт экен. Сотту ал алып гана барат, бирок, чечимди башкалар чыгарат, ошондуктан анын акча алуу мүмкүнчүлүгү дагы жок. Азыр Кыргызстанда соттор менен жактоочулар чогуу биргелешип иштешет. Сот аукционго айланып калды. Кайсыл тарап көп акча берсе, ошол жактын пайдасына чечип беришет. Анктени, жактоочу менен сот көп жылдан бери чогуу иштеп жатышып, тажрыйбалуу коррупционер болуп калышат.

--Азыр Кыргызстанга парламенттик система жемишин бере албай тургандай түр калтырууда. Бизге кандай башкаруу системасы керек деп эсептейсиз?

--Негизи кыргыз элинин табигаты коллективдүү башкарууга ылайыктуу. Тарыхта бир нече жолу далилденген, уруу башчылары чогулуп мамлекеттик маанилүү маселелерди чечип, курултайда аткаруучулардан отчёт алып коюшчу. Коллективдүү башкаруунун заманбап үлгүсү бул - парламентаризм. Бир нече мамлекеттер бул система менен өнүгүп кетишти. Бизде болсо парламент эми бутуна туруп келе жатат. Депутаттардын арасына мыйзам алуу тажрыйбасы жоктор да шайланып кирип алган. Ошолор парламентаризмдин баркын кетирип жатат.

--Карапайым калктын мээсине азыркы элита, чиновниктер ыплас адамдардан түзүлгөн деген түшүнүк орноп калды. Элитаны алмаштыруу керекпи?

--Шайлоочулардын өздөрүнө жараша башкаруучулар пайда болот, карапайым калктын тандоосу менен элита түзүлөт. Уруучулук, жердешчилик, акчасына карап добуш бермейден арылмайынча ыплас чиновниктерден арылбайбыз. Элдин аң- сезими канчалык таза болсо, башкарган адамдар дагы ошончолук таза болот.

--Шайлоочулардын азыркы абалына кандай баа бересиз?

--Мен шайлоочуларды үчкө бөлүп карайм. Биринчиси, бийликтин көзүн караган адамдар. Алар өздөрү же туугандары мамлекеттик кызматтарда иштейт, мамлекетте тынчтык гана болсун деп кайсыл бийлик келбесин аларды жактай берет. Бул шайлоочуларды кайсыл бир күч тартып ала албайт. Экинчиси, бул өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү. Алар каяктан каражат алып жатса, ошол жактын ырын ырдашат. Ошондуктан, өкмөттүк эмес уюмдар алыстагы кожоюндары шайлоо учурунда кайсыл партияны жакта десе ошону кылышат. Аларга укук коргоочулар катуу жардам беришип, сап башында турушат. Булар дайым бийликке каршы болушуп, ар бир оппозицияны колдоого алып турушат. Кыскасы, шайлоочулардын бул экинчи тобу мамлекеттеги тынчтыкты жактырышпайт. Ал эми үчүнчү топ бул - мамлекеттеги абалга реалдуу карап, кайсыл партияга же талапкерге добуш берүүнү сапатка карап кабыл алат. Мына ушул мен ичинде болгон топтордун үчүнчүсүнүн саны көп. Ушуларды өзүнө тартып ала алган партиялар утуп чыгат.

Жакшылык Бердибек уулу

Түп нускага шилтеме : de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...