Акыркы макалалар

Кумтөрдүн мүлкүн улутташтыруу боюнча коомдук угуу өтөт

Кумтөрдүн мүлкүн улутташтыруу боюнча коомдук угуу өтөт

Бүгүн “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мүлкүн улутташтырууга байланыштуу мыйзам долбоор боюнча коомдук укгуу өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Ага депутаттар, көз карандысыз эксперттер катышат.

Мыйзам долбоорго ылайык, ири алтын кенди иштеткен “Кумтөр Голд компани” ишканасын жана бардык мүлкүн мамлекетке өткөрүп алуу каралган. Мыйзам долбоорду “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан.

Кумтөрдү улутташтыруу маселеси октябрда Канада соту Кыргызстандын 60 пайыз акциясын камакка алгандан кийин кайра көтөрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...