Акыркы макалалар

Анжелика, ырчы: “Аял болуу - бул чоң эмгек”

Анжелика, ырчы: “Аял болуу - бул чоң эмгек”

Ал болгону 25 жашта. Бирок, жаштыгына карабай эки кыздын энеси: улуу кызы мектепте окуйт, ал эми кичинеси энесине жардам бергенге жарап калган кези. Чыгармачылыкка аралашкандан бери популярдуулугун жоготпой, жада калса жеке ишкерликте да иши илгерилеп, ийгиликтерди багынтып, кайрымдуулук иштерин да калтырбай келет. Айтор, ырчы, дизайнер, визажист жана ишкер айым Анжелика менен сулуулук сырлары, алдыга койгон максаттары тууралуу кеңири маек курдук.

--Анжелика, сиз жакында эле рак оорусу менен жабыркагандарга жардам катары чоң иш-чара өткөрүп, салонуңуздун 7 жылдыгын белгиледиңиз. Ушул тууралуу айтып берсеңиз?

--Туура, быйыл “Айым стиль” сулуулук, имидж жана стиль борборунун ачылганына 7 жыл болду. Быйылкы жылдын жаз айынын кирип келиши менен мааракебизди белгилеп алдык. Аны менен катар Кыргызстандагы рак илдетине каршы кыймыл менен биргеликте “Сен дагы жардам бере аласың” деген аталышта кайрымдуулук кечени өткөрдїк. Бул иш-чара абдан мыкты деңгээлде өткөрүлдү. Мени колдоп кесиптештерим келишти. 312 миң сомдун тегерегинде акча каражаты топтолду. Ошондой эле кечеде "Айым стиль" сулуулук жана мода үйүнүн 7 жылда жасаган эмгеги көрсөтүлүп, кийимдердин 7 коллекциясын чыгардык.

Кайрымдуулук иштерин көп эле өткөрүп келем, бирок төш каккылап жар салбайм. Бул ишим маараке менен бирге болгондуктан коомчулукка чыгардык.

-- Соңку мезгилдерде сизди коом ийгиликтүү ишкер айым катары көбүрөөк таанып калды. Дизайнерлик, визажисттик кесибиңиз жана да жеке ишкерлигиңиз боюнча кеп кылсаңыз?

--Ар бир иш изденїїнї талап кылат. Мен изденгенди, жаңылыктарды алып чыкканды жакшы көрөм. Жыйынтыгы кудайга шүгүр. “Айым стиль” сулуулук салону жана Мода үйү учурда сөзгө алынып, жакшы деңгээлге көтөрүлүүдө. Мага ишкер айым катары бул кубанычтуу нерсе. Алгач иштеримди баштоодо бул жаатта окуп билим алдым. Бардыгын өз жон терим менен сезип, көрдүм. Себеби, ар бир иштин ой-кырларын билбесең ал ишти алып кете албайсың. Ошондуктан, алгач сулуулук салонду ачканда ал жерде, визажист, администратор болуп иштедим. Кечкисин жумушчулар үйлөрүнө кеткенде ичин иреттеп, жууп, тазалап эртеңки күнгө даярдап коюп кетчүмүн. Кыскасы, чакан жамаатымдын түйшүгүн түшүнөм. Азыр бизнес жаатында ишимди өз нугуна салып алдым, ошондуктан чыгармачылык ишке баш-отум менен киришип жатам.

-- Жаш болуп туруп ушунун баарына жетишүүнүн сыры бардыр. Өз сырыңыздан кумир тутуп жүргөн күйөрмандарыңыз менен бөлүшсөңүз?

-- Кептин баары жашта эмес, бардык нерсе эң биринчи аракетте деп айткым келет. Ар бир ийгилик жөн гана келе бербейт, анын артында тоодой эмгек жатат. Азыркы биздин заманда жашоону алгалатууга бардык шарттар түзүлгөн. Эч качан жалкоо болбош керек. Эмгекти сүйүүчүлөрдөнмүн. Ошондуктан, бардык күйөрмандарыма изденгиле, талыкпай эмгектенгиле жана кандай гана кыйынчылык болбосун ар дайым жылмайып жүргүлө деген кеңеш берээр элем.

--Чыгармачылыкта кандай өзгөрүштөр болуп жатат? 2014-жылы жакшы концерт тартууладыңыз эле?

-- Чыгармачылык ишим жакшы. Жогоруда айтып кеткендей ишимди өз нугуна салып алдым. Былтыртан бери чыгармачылык ишке катуу киришип, кыялымдагы нерселерди ишке ашырып алдым. Хитке айланган ырларды чыгардым, көптөгөн клиптерди жараттым, тасмаларга тартылып образ жараттым. Эң негизгиси, жеке концертимди берип алдым. Алгач сахнага чыккан кезимден бери 17 жыл өтүптүр, ошондон бери жеке кечемди бере элек болчумун. Мыкты деңгээлде өткөрүп алдым десем жаңылышпасмын. Былтыр ошентип аткарган иштеримдин мээнети кайтып, жылдын “Жылдын мыкты ырчысы”, “Сахна ажары”, “Жылдын мыкты концерти”, “Мыкты клип” деген наамдарды жеңип алдым.

--Келечекте өзүңүздү ишкерлик жаатында көбүрөөк көргүңүз келеби же чыгармачылыктабы?

-- Бир ишти жасап ошону менен токтоп же аны менен бардык ой-максатты чектеп коюу туура эмес. Ар дайым алдыга умтулуу керек. Жараткан бизге акыл-эсти эмнеге берди эле? Келечекте өзүмдү эки жаатта тең элестетем.

--Ажарлуу айым катары Нооруздун алдында айымдарга эмне каалайт элеңиз? Аларга сулуулук сырларынан айтып берсеңиз?

-- Бир гана майрам алдында эмес, ар дайым аялзатына жакшылык тилейм. Аял болуу - бул чоң эмгек. Анда эне болуу, келечек коомго тарбия берүү, үлгүлүү болуу, мээримдүүлүк, айкөлдүк, акылдуулук, сабырдуулук жана сулуулук камтылган. Ар бир айым сулуу, ар биринин өзгөчөлүгү бар. Ошондуктан эч кандай түйшүккө, турмуштук кыйынчылык, сыноолорго карабай бактылуу болгула дээр элем.

--Жакында жалтырак беттүү мода журналынын бет ачары да болду. Бул журналдын келечеги тууралуу айтып берсеңиз?

-- Бизнестик ишимди баштардын алдында көп максаттар коюлган. “Айым стиль” мода журналын ачууда дагы көп идеялар болду. Акыры бир ойго токтолуп, айымдардын баштыкчасын элестеткен ушундай “каталог-клатч” чыгардык. Өзүңүз билесиз, айымдардын баштыкчасында эмнелер гана жок (күлүп). Ал тууралуу далай анекдоттор дагы айтылып жүрөт. Анан ошол образды пайдаланып, бул “клатч - каталогдун” ичине айымдарга тиешелүү бардык керектүү нерселерди батырдык. Алгачкы саныбыз 7-жылдык мааракебизге арналган. Ичинде сулуулук жаатында адистерден мыкты кеңештер, үлпөт, кече, офистик кийимдердин каталогу, жаңы үйлөнүп жаткан жаш жубайлар үчүн өздүк сүрөт текче, үлпөт тойго даярдануунун алдын алууда атайын жазуу жүргүзүүчү күндөлүк катары жасадык. Буюрса, бул ишибиздин алгачкы кадамы дагы жакшы башталып сөзгө алынып, мамлекетибиздин жети дубанына таратылды. Кийинки санына даярданып аткан учурубуз.

Кайыргүл Молдалиева

Түп нускага шилтеме : www.de-facto.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...