Акыркы макалалар

ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапатын текшерүү боюнча комиссия түзүлдү

Бишкек, 26-март /Эмилбек Момунов-Кабар/. Коомчулукта республикабыздагы жогорку окуу жайлардагы билим берүүнүн сапатын жогорулатуу, коррупцияны жоюу, санын кыскартуу боюнча көптөн бери ар кандай пикирлер айтылып келүүдө. Бул маселеге 20-мартта Бишкектеги Ала-Тоо конушундагы №82 орто мектептин ачылышында президент А. Атамбаев да кайрылып, сапатсыз билим берген ЖОЖдордун санын азайтуу керектигин айткан. Ошондой эле мамлекет башчыбыз билим берүү тармагындагы жүйөлүү маселелерге токтолуп, жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо багытындагы саясатты өзгөртүү, ошондой эле жогорку окуу жайларындагы коррупцияны жоюу зарылчылыгын баса белгилеген. Анда президент жыл сайын мамлекет республикалык бюджеттин 20%ын билим берүү тармагына жумшай тургандыгын, бул өлкөбүздүн келечегине жумшалган инвестиция экендигин айтып, “Билимге мектептен тартып умтулуп, чет тилдерин үйрөнүү керек. Талыкпай, туруктуулук менен окуганда гана ийгиликке жетсе болот,” - деген.

Бул маселе боюнча биз КРнын билим берүү жана илим министрлигинин жогорку окуу жайлар башкармалыгынын начальниги Абдыманап Жолдошевге кайрылганыбызда, ал мындай деди:

- Чындыгында республикабыздагы жогорку окуу жайлардагы коррупция, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана алардын санын кыскартуу боюнча коомчулукта көптөн бери талкуу жүрүп келатат. Учурда өлкөбүздө 52 ЖОЖ бар, алардын 31и мамлекеттик жана калганы менчик болуп саналат. Азыр бул багытта ЖОЖдордогу абалды иликтөө боюнча атайын комиссия түзүлдү. Анткени жоюш керек десе эле биз четтен жаап коё албайбыз. Анда ар бир студенттен тартып, окутуучуларга чейин тагдыры бар. Макул, ар кандай себепке таяп, окуу жайды жаап коёлу. Бирок, студенттер окуусун кайда, кантип улантат, окутуучулар кайда барат. Мындай кадам айланып келип эле сабатсыздык менен жумушсуздукту пайда кылбайбы? Ошондуктан азыр комиссия бири-бирин кайталаган адистерди бириктирүү, ирилештирүүнү караштырып жатат. Көпчүлүк окуу жайлардын алдында мурдагы факультеттер институт болуп калган. Бул да туура же туура эмес экендигин комиссия чечет. Кыскасы, ЖОЖдордогу реформа кылдат жана туура мамилени талап кылат.

“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...