Акыркы макалалар

Жармастан: Чарпашевдин көмүскөдөгү акчаны чалкасынан чапканы

Жармастан: Чарпашевдин көмүскөдөгү акчаны чалкасынан чапканы

Мындагы окуялар ойдон чыгарылган. Кокустан окшоштук болушу мүмкүн.

Жармастандыктар кызы бойго жетип күйөөгө берээрде “көлөкө жерге баккамын”,-деп көкүлүнөн сүйүп, анан узатмайы бар. Мунун сырын кашка баш окмуштуулар канча изилдешпеди дегеле ача албай койду. Ошол эле учурда Жармастандын “көмүскөдө айланган акча”,- дегени да бар. Бу каапырыңды көргөн билген, көзү кандай, мурду кандай айтып берген киши жок. Жармастанда не бир атагы таш жарган таланттуу сүрөтчүлөр, акын-жазуучулар бар дейсиң бири дагы эмгиче образын ачып берише элек, тобба-а!

Бирок, эл болгондон кийин билгендер чыкпай койбойт экен. Атүгүл, жонун басып, тишин ачып, кабыргасында канча майы бар экендигин жадыбалдай жатка айткандар чыгат тура. Ашбакандын өзүнөн кийин кийинки эле биринчи бутагы Чайырбек Чарпашев оңой эмес кыраандардын бири экенине эми көзүбүз жетип атпайбы. А анын көзү жанагы көмүскөдө айланган акча дегенди тимеле рентгендей көрөт тура чиркиниң. Өзүнүн аты да Чайырбек болсо көргөндө эле чап жабышыптыр. Шыйрактан алып көтөрүп уруп, мууздап ийейин десе кашайып ошол күнү макисин албай чыгыптыр. Курун чечип ала коюп мойнуна салып, эптеп кыкынтып токтотуп, мөңкүгөнүнө, туйлаганына карабай басып көрсө 1991-2014 жылдардагы жонундагы, кабыргасындагы жыйган майы 2,5-6 млрд доллар болуп кетиптир дейт. Ал эми 2014-жылдагы эле жыйган майы 25,07 млрд сомго чаап барыптыр шүмшүктүкү. Же ошончо акча Жармастандын казынасына түшпөй калыптыр.

Аңгыча эле кайдан жайдан үн бүтүп, көмүскө акча каапырга тил бүтүп муну айтыптыр: -Ээ, Чайырбек баатыр! Мени кичине арыктаганда көрүп калбадыңбы. 1998-2001-жылдары жыйган майым Жармастандын бюджетинин 58 пайызын түзчү,- дептир. Муну уккан Чайырбек Чарпашев шашып кеткен экен, аны байкаган тиги куу неме мойнуна байлаган курун үзө качып кутулуп кетиптир. “Аз болгондо таш менен болсо да башын жанчып жайламакмын”, - деп мунун баарын Ашбакандын ашканасында өзү айтып отурду. “Анан бышык эле кур тагынып жүрбөйсүңбү”,- деп Ашбакандын көп бутагынын бири Жемир Кызылов аябай кейип алды...Угуп алып биз деле кейип калдык.

Түп нускага шилтеме : kabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...