Акыркы макалалар

ЖКнын басма сөз кызматы: Жээнбеков бир да ЖМКны же журналистти сотко берген эмес

"Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков бир да ЖМКны же журналистти сотко берген эмес". Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы Нурканбек Керимбаев билдирди.

Анын айтымында, айрым маалыматтык агенттиктер Адил Турдукуловго шилтеме кылып, үстүбүздөгү жылдын 1-апрелинде Бишкек шаарындагы Ленин райондук сотунда Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен "Майдан" гезитинин ортосундагы соттук отурум өтөөрүн кабарлашкан.

"Бул чындыкка жатпайт. Жөнөкөй тил менен айтканда, карандай калп. "Азаттык" радиосунун журналисттерин аккредитациядан ажыратуу тууралуу маалымат да чындыкка коошпойт. Мындай маселе таптакыр көтөрүлбөгөнүн дагы бир жолу эскерте кетели. Парламент жетекчиси сөз эркиндиги жана адилеттүүлүктүн жактоочусу. Спикер Кыргызстандын кызыкчылыгына иштеген маалымат каражаттарына эч кандай кысым жаралбашы керек деп эсептейт. Ошондой эле, кандай гана басылма болбосун өзүнүн аброю үчүн жалган маалымат таратууга жол бербеши керек.

Урматтуу журналисттер, ЖМК өкүлдөрү, түшүнбөстүктөр жаралбасы үчүн бардык тараптын пикирине орун берүүгө чакырам. Ал эми Адил Турдукулов сындуу чоң саясатка баш багууну көздөгөн жаштар жалган маалымат таратуу менен алектенүүнү токтотсо дейбиз",- деп маалымдайт Керимбеков.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...