Акыркы макалалар

Жылына 7 млрд сом киреше алып келген Баткен өрүгү кар алдында калды

30-мартта жааган кардан Баткендеги өрүктөрдү үшүк алды. Мөмөлүү дарактардын 70%дан ашууну гүлдөгөндө кар алдында калды. Мындан улам баткендиктер мол түшүмдөн үмүт үзүп отурат, деп маалымдайт yntymak.kg сайты.

Боз-Адыр айылынын тургуну Айдарбек Имамназаровдун айтымында, дарактар суукка туруштук берип, мөмөнү сактап калат, бирок жааган кардан мөмөнүн 20-30%ы аман калышы мүмкүн. "Эгер аяз болуп, күн ачылып кетсе, бүчүрү кара болуп күйүп калат",-дейт Имамназаров.

Баткенде аба ырайы жылуу келип, түшүм ойдогудай болсо жергиликтүү эл өрүктөн жылына 7 млрд сомго жакын киреше табышаарын айтышат. Быйылкыдай жаратылыш катаалдыгын көрсөтсө, бул киреше бир кыйлага азаят, деп айтылат маалыматта.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...