Акыркы макалалар

Мамлекет башчысы Коргоо кеңешинин катчысын кабыл алды

Президент Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиевди кабыл алды. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады. Жолугушууда Коргоо кеңешинин 2013-жылдын мартында өткөрүлө турган отурумунун күн тартиби талкууланды. Атап айтсак, энергетикалык коопсуздукту камсыздоо маселелери, элдин биримдигин жана улуттар ортосундагы мамилелерди чыңдоо концепциясынын долбоору, ошондой эле Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүн реформалоо маселелери каралаары болжолдонууда.

“Быйылкы кыш Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун камсыздоо маселеси абдан курч экендигин көрсөттү. Андыктан биз өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын жана энергетикалык коопсуздугун камсыздоого багытталган долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча жакшы ыргагыбыздан жазбашыбыз керек”, - деп белгиледи А.Атамбаев.

Коргоо кеңешинин катчылыгы президенттин Аппаратынын өз алдынча түзүмдүк бөлүмү болуп саналат. Катчылык мамлекет жетекчисинин коргонуу саясаты жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жагындагы конституциялык ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууну камсыз кылат.

АЛМАЗ ДОСБЕК УУЛУ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...