Акыркы макалалар

Ош шаарында 209 жаран кызылча менен ооруган

1-апрелге карата Ош шаарынын аймагында кызылча оорусун жугузуп алгандыгы боюнча шектүү катары 307 жаран катталып, 209 жаранга медициналык жактан кызылча диагнозу коюлган. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Мындан сырткары 13 бейтапка башка оорунун диагнозу коюлуп, 77 бейтап медициналык көзөмөлдө турат. Буга байланыштуу калаада кызылча оорусун алдын алуу боюнча профилактикалык иш чаралар жүргүзүлүүдө.

Ош шаарынын ооруларды алдын алуу жана санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы врачы Уулукан Каратаеванын айтымына караганда, кызылча оорусу аба аркылуу жугуштуу оорулардын катарына кирип, күз-кыш мезгилинде күч алгандыктан Кыргызстан боюнча оорунун алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп жатат.

"Кызылча оорусун жуктуруп алган адам сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, аба аркылуу жугуп калат. Анын алгачкы белгилери, кызылчаны козгоочу вирус ооз көңдөй аркылуу канга жугуп, кан аркылуу адамдын организмине таралат. Биринчи кезекте адамдын дене табы көтөрүлүп, 38-40 С градуска чейин жетет. Оорулууну алсыратып, андан соң адамдын кулагынын артына башына, бетине адамдын башка дене мүчөлөрүнө кызыл бүдүр чыгат. Оорулуу адам бүдүр чыкканга чейин үч-төрт күн мурда жана бүдүр таркагандан 3-4дөн кийин өтө коркунучтуу жана жугуштуу болуп саналат. Эгерде жаш балдар ооруп калса, өз убагында кайрылбаса, башка оорулард алып келет. Мисалы, өпкө, кулак жана башка ооруларынын пайда болушуна алып келиши мүмкүн", - деди Каратаева.

Башкы медайым кошумчалагандай, алдын алуу, эмдөө жүргүзүү үчүн 1-6 жашында милдетүү эмдөө алуусу керек. Эгерде оорулуу катталып калса аны өзүнчө бир бөлмөгө жаткырып, башка жакындарынан бөлөк кармоосу керек.

Ал эми азыркы учурда Ош шаары боюнча атайын бригадалар уюштурулуп иш алып барууда. Эмдөө жүргүзүү акысыз болот. Кызылча оорусун жугузуп алышы мүмкүн деп шектелгендерди Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жеке көзөмөлүнө алып, бүгүнкү күндө алардын абалы жакшы. Ал эми Ош шааарында кызылчага каршы күрөшүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн атайын штаб түзүлүп, мектептерде, бала бакчаларда эмдөө иштерин жүргүзүшүп жаткандыгын Каратаева кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...