Акыркы макалалар

Лизингдин эсеби элдин баамында

Єткєн жылдын 20-март кїнї Кыргыз Республикасы менен Евразия єнїктїрїї банкы ортосунда “Кыргыз Республикасына айыл чарбалык техника берїїлєрдї каржылоо” долбоору боюнча инвестициялык кредит берїї жєнїндє макулдашууга кол коюлган эле. Жыл айланбай бул келишим кїчїнє кирип, биринчи траншы лизингге берилїїгє жетишти. Мындай ийгиликтїї долбоорлор боюнча КРнын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы айыл чарбасын механизациялоо жана энергетикалык жактан камсыздоо департаментинин жетекчиси Кожогулов Нурланбек Жамалдинович агайды кепке тарткан элек.

- Нурланбек Жамалдинович, акыркы убактарда бардык багыт лизингди єнїктїрїїгє багытталып, эсеби элдин баамына чыга келди єўдєнєт. Бул жеўилдетилген кредиттик шарттагы инвестицияга байланыштуубу же бир гана дыйкандардын суроо-талабына ылайык ишке ашырылып жатабы?

- Эми жасалып жаткан иш-чаранын бардыгы бїгїнкї кїндїн суроо-талабына ылайык иштелип жатат. Анткени, айыл чарба субъектилерине, дыйкандарга, фермердик чарбаларга, жеке ишкерлерге техника боюнча маалымат берїї, алардын суроо-талабына жооп берїї, бїгїнкї кїндє алдыўкы заманбап техникалар менен камсыз кылуу, чарбакерлердин суроо-талаптары боюнча єкмєттїн чечимдерин, министрликтин чечимдерин даярдоого байланышкан механизация жана энергетикалык жактан камсыздоо боюнча бардык функцияларды биздин департамент аткарат. Демек, биз жасап жаткан иш аракет кимге багытталса, ал ошол талапкердин кызыкчылыгына байланыштуу болуш керек. Ал эми бул милдет-талаптар эч убакта инвестициясыз ишке ашпайт. Мына Союз тарагандан кийин техникаларды жаўылоого мїмкїнчїлїк келбей, айыл чарбасын техникалоо деўгээли абдан тємєн тїшїп кеткен эле. Бїгїнкї кїндє айыл чарба техникалары боюнча мониторинг жїргїзїп, республикада бїгїнкї дыйкандардын колунда кайсы техникалар калгандыгы, канчасы ишке жарактуу экендиги такталып, башка єлкєлєрдє мындай маселелер кандай чечилип жатат, ошолорду иликтеп, кєптєгєн сунуштарды киргизген элек. Сунуштардын натыйжасында лизингди колдонуу, ошол лизингдин негизинде биздин дыйкандарды техникалар менен камсыз кылуу боюнча бир катар иштерди єткєрє алдык. Биздин департаменттин лизинг боюнча иштеп чыккан мындай мыйзам долбоорлору абдан ийгиликтїї иштеп кетти. Азыркы учурда дагы дыйкандардын лизингге болгон суроо-талабы абдан жогору. Демек, алардын сиз айткандай, эсеп-чотун, кирешесин баамдап калгандыгы кєрїнїп турат.

- Жыл аягы менен кезектеги долбоор боюнча айыл чарба техникаларынын биринчи партиясы лизингге берилди. Калганы качан ишке ашмакчы?

- Ооба, 2014-жылдын декабрь айында келишимге ылайык Евразия єнїктїрїї банкынан кредиттин биринчи траншы келип, 20 трактор, 1 комбайн жана бир канча айыл чарба техникалары лизингге берилди. Бул 2013-2014-жылдарга жїргїзїлгєн процедуралардын негизинде жаўы долбоордун иштелип чыгышы менен ишке ашты. Анткени, биздин бул долбоор колдоого ээ болду. Жыйынтыгында, Евразия єнїктїрїї банкы кызматынын алдындагы кризиске каршы фонддун каражатынын эсебинен 20 млн. доллар єлчємїндє инвестициялык кредит 25 жылга 1 пайыз менен жеўилдетилген шартта бєлїндї. Бул долбоор боюнча тїзїлгєн келишимге март айында кол коюлуп, июнь айында биздин Жогорку Кеўеш тарабынан ратификацияланды. Анан 14-августта Єкмєттїн Токтомун чыгарып, ноябрь айынан келишим кїчїнє кирди да, 19-декабрь кїнї биринчи траншы берилди. Биздин график боюнча январь, февраль, март айынын ичинде Айыл банк аркылуу 200 даана айыл чарба техникаларын дыйкандарга бермекчибиз. Жалпысынан, ушул жыл ичинде 800 даана техника толук берилип бїтєт. Бул жалпы берилип келген техникалардын 50 пайызын тїзєт дагы, динамика абдан жогорку кєрсєткїчкє жетмекчи.

- Эгер долбоорлорду ишке ашыруу инвесторлордун кабылдоосуна кєз каранды болгон болсо, анда пайыздык кєрсєткїчтє да єзгєрїї бардыр?

- Эми 2011-жылы 6-7 % деп коюлган, андан анча деле кєтєрїлгєн жок. Бїгїнкї кїндє дыйкандардын єздїк салымына жараша 6-9 пайызга чейин каралып жатат. Чындыгында, кээ бир долбоорлорду ишке ашырууда 9% болуп калган учурлар бар. Мисалы, акыркы Евразия єнїктїрїї банкынан тартылган кредитте 9%. Себеби, мунун ичинен 4 %ды биз єзїнчє каржы министрлигинин алдында лизингди єнїктїрїї боюнча фондго чогултуп, мындан тїшкєн акча каражатын кайра дыйкандарга техника сатып алууга жумшайбыз. Ал эми ушул банктын ала турган пайызы 4% болсо, алардын 2 пайызы сомдон чет элдик валютага которуп, бєлєк валюта сатып алып, Евразия єнїктїрїї банкына, башка донорлорго болгон пайыздык тєлємдєргє жумшалат. Биз бардык учурда валюта менен тєлєйбїз, а валюта болсо туруксуз экендиги баарыбызга белгилїї. Ал эми дыйкандар болсо сом менен алат да, кайра сом менен тєлєйт, алар їчїн тєлєм жагы эч качан коркунуч туудурбайт. Анын їстїнє пайыздык тєлєм кварталына каралган болсо, кошумча тєлєм дыйкандын єзїнїн тєлєє шартына ылайыкташтырылып, жылдын кайсы айларында тєлєм жїргїзєєрїн дыйкан єзї макулдашып алып жатпайбы. Демек, бул дыйкандар їчїн бардык учурда пайдалуу болууга тийиш.

- Жалпы лизингдик мєєнєт, берилген техникалардын кепилдиги, алардын запастык бєлїктєрї менен жалпы тейлєє, маалымдоо жагы кандай каралган?

- Айыл чарба техникалары лизингге 7 жылдык мєєнєт менен берилет. Бул туура каралган мєєнєт деп эсептейм. Себеби, ушул кїнгє чейин бир дагы кредиттик тєлємдї тєлєй албай калган дыйкан кездешкен жок. Тескерисинче, 3-4 жыл ичинде кирешесинин эсебинен эрте жаап койгондор болууда. Ал эми лизингге берилип жаткан техникаларга кепилдикти, ошол дыйкан тандап алган техниканы сатып жаткан фирманын єзї берет. Ал гана эмес запастык бєлїктєр менен да камсыз кылып, єз ара єндїрїштїк мамиледе болот. Мына ошондо гана дыйкан толук ишеним менен сатып алууга макулдугун берет. Учурда Кытайдын, Беларусиянын техсервистеринде 20 млн. сомдун запастык бєлїктєрї сакталып турат. Бул техниканы сатып жаткан тараптын єзї дагы кызыкдар экендигин билдирет эмеспи. Демек, тынчсыздануунун деле кажети жок. Эми тейлєє жагынан маалымат берсем, бардык эле дыйкандар техника сатып алууга мїмкїнчїлїгї болбойт. Себеби, иштете турган жеринин кєлємї аз, 3-4 га жерге техника алып иштетсе, чабалы аз болуп тєлєй албай калат. Ошондуктан, биз техсервистерди єнїктїрїїгє єзгєчє кєўїл буруудабыз. Єткєн жылы республика боюнча бардык техсервистерди, ошол дыйкандарга механизация кызматын кєрсєткєн айыл чарба субъектилеринин ишкерлерин мониторинг кылып, кєзємєлдєп чыктык. Республика боюнча 11 миў субъектилердин колунда техника бар. Кээ бирлери 1 трактор, 1 комбайн менен деле кызмат кєрсєтїп келет. Ошол субъекттердин єзїнїн клиентурасы тїзїлїп, алардын иштеткен аймагы белгилїї болуп, ошол техникалык кызмат кєрсєтїї наркы дагы єсїп кетпестен бир калыпта карамалып турушу кубандырат. Бул болсо, техника берїїнїн сапаты жакшырып, саны кєбєйїп, ал боюнча маалыматтар убагында жеткирилип, окутуулар, семинарлардын жер жерлерде єткєрїлїшїнїн жыйынтыгы деп ойлойм. Єзгєчє маалымат жагынан эки жылдан бери уюштурулуп жаткан “Айыл-агро” эл аралык агрардык єнєр жай кєргєзмєсї кєп ийгиликтерди жаратты. Мына “Айыл-агро-2014” кєргєзмєсїндє 7 миўдей элди чогултуп, 11 мамлекеттен 70тен ашык фирмалардын техникасы менен тааныштырдык. Бул албетте маалымдоо жана тейлєє жагынан чоў жетишкендиктерге жетелейт.

- Жылдын жаўы пландары, жаўы долбоорлору боюнча эмнелерди айтмакчысыз?

- Бизде 2015-жылга каралган план-долбоорлор абдан кєп. Мына буюрса Польша мамлекети тарабынан инвестициялык каражат катары 22 млн. евро бєлїнїп берилип жатат. Биз бул каражатка дагы дыйкандарга айыл чарба техникаларын, кайра иштетїїчї техникаларды, башкача айтканда, сок, кыям чыгарган, этти, сїттї кайра иштеткен, ар кандай консервалоо, ширелерди чыгаруу боюнча жабдууларды, тегирмен же болбосо таўгактап сатууга даярдап чыгаруучу жабдууларды алып, дыйкандарга бере алабыз. Азыр єкмєттїн токтомун иштеп чыгып, тиешелїї министрликтер менен макулдашуу жїрїп жатат. Єткєн жылы Президентибиз Корея Эл Республикасына барып келгенден кийин, Кореялык Каржы инспекциясы менен дагы иш жїргїзїп, лизингди єнїктїрїї боюнча долбоор иштеп чыккан элек. Долбоор Корея Эл Республикасы тарабынан жактырылып, 5 млн. доллар єлчємїндє акча каражаты 40 жылга 0,15 пайыз менен жеўилдетилген шартта берилип жатат. Каникулу 10 жылды тїзєт. Бул кредит дагы Корея тарап менен сїйлєшїїлєргє жараша биздин операторубуз болгон Айыл банкынын карамагында болуп, ошол кайра-кайра дыйкандарга техникалар сатылып алынып, лизингге жумшалмакчы. Андан сырткары алыскы кыштоолордо жашап, мал багып, айыл чарба продукцияларын иштеп чыгарып жаткан дыйкандар їчїн шамалдын, кїндїн, суунун кубатынан пайдаланып, электр тогун чыгаруучу жабдууларды дагы лизинг долбоору менен берїїнї колго алып жатабыз.

Учурда, дыйкандардын кєйгєйї болуп, дан комбайндарын, тоют жыйноочу комбайндарды, кызылча жыйноочу техникаларды алып келїї оор абалда калууда. Булар лизинг менен да кымбатка туруп калып жатат. Ошондуктан, кымбат баадагы чоў техникалар боюнча єзїнчє пилоттук долбоорду Єкмєткє сунуштаган турабыз. Колдоого ээ болсо, быйылкы жылы кымбат баадагы чоў техникалар менен да камсыздоо ишке ашмакчы. Мындан тышкары токтоп турган завод-фабрикаларды пайдаланып, “Автомаш-Радиатор” заводунун базасында комбайндарды, техникаларды жыйноочу линия курсакпы, деген пландар болууда. Мына Кара-Балтадагы механикалык заводдун базасында дагы ушундай максатта иш алып баруу їчїн Тїрк ишкерлери келип, заводдун жетекчилиги менен иш жїргїзїп жатат. Алар дагы бизге кайрылып, ушул жерде тракторлорду чогултуучу линияны ишке киргизсекпи, деген оюн айтышкан эле. Биз дагы заводдун кубаттуулугун пайдаланып, дыйкандарды арзаныраак техникалар менен камсыз кылсакпы деген ойдобуз.

Эми ушул маселенин бардыгын бир гана каражат чечет экен. Ошондуктан, эў оболу инвестиция тартуу, каражат алып келїї, банктар менен иш алып баруу менен єзїбїзгє тагылган тапшырмаларды, функцияларды, жеткиликтїї ишке ашырып, дыйкандарыбызга колдон келген жардамыбызды, кеўештерибизди берип, долбоорлор боюнча дыйкандар менен иш алып баруу биздин негизги милдеттерибиз, деп айтмакчымын.

- Сизге чоў ыраазычылык билдирем. Алдыдагы ой-максатыўыздар ишке ашып, эмгегиўиздер элдин баамына чыга берсин.

Маектешкен Фарида Кыязова

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...