Акыркы макалалар

Отуз жыл – «Өзгөн нурунда»

1983-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетинин журналистика бөлүмүн аяктап, жалындуу жаштык курактагы романтикалуу студенттик күндөр-жылдар артта калды. Диплом алып жатканыбызда журналистика кафедрасынын башчысы Токтосун Мамбетсариев агайыбыздын: «Кайда барып иштейсиңер?» дегенинен мен «Октябрь Туусу» (азыркы «Өзгөн нуру») газетасына жолдомо алдым.

Студент кезимде кыргыз радиосу менен тыгыз байланышта болуп, мамлекеттик практикамды да ошол жерде өтөгөм. Белгилүү радиожурналист Алымкул Маметакунов ошондо: «Кызым окууңду бүтсөң бизге келип иште, радиого материалдарды даярдаганды өздөштүрүп калдың», -деген. Чындап эле Фрунзеде кыргыз радиосунда калгым келген. Ушул оюмду –чечимимди катка жазып, ата-энеме почта аркылуу жөнөттүм. Атам мени телеграфка чакырып, «Кызым Өзгөнгө келип иште» деген жообун айткан анда. Мен атамдын сөзүн таштай албай, же радиону кыя албай эки ортодо калдым. Ошентип, жолдомону Өзгөнгө алганымды айтпай, өзүм практикамды өтөгөн кыргыз радиосунун айыл чарба бөлүмүнө бир барып анан Ошко учайын дедим. Бөлүмгө баш баксам, Оторбаева эже олтуруптур .

-Кел, келегой, бизге жумушка орношосуңбу?-деди. Ушул жерде иштесем жакшы болмок, качан келсем болот,–дедим. «Августка келип кал»,-деди эже.

Фрунзеден Өзгөнгө өзүм августка жакын келгем. Атама кайра-кайра айтып жатып борборго барып, радиодо иштегенге макулдугун алдым. «Эненин көңүлү балада, баланын көңүлү талаада» демекчи мен өзүмчө эле дегдеп, Фрунзеге жөнөгөнгө даярданып жаткам. Бир күнү почточу кагаз таштап кетти.

Ал баягы университеттин жолдомосу боюнча экен. Ошол маселеде партиянын Ош областтык комитетинин басма сөз бөлүмүнө. баруума туура келди. Ал мезгилде жаш кадрларга өзгөчө көңүл бөлүнчү. Талап да катуу эле. Барсам басма сөз бөлүмүнүн башчысы мени «Өзгөн райондук «Октябрь Туусу» газетасына иштейсиң, сентябрдан орун болот»,-деди.

Атам менден ушул кабарды угуп, абдан сүйүндү. «Кызым өзүбүздүн Өзгөндөн жумуш табылып жатса, иштей бер, Фрунзеңе кийин деле барып иштеп калаарсың»,- деп эми чындап мени көндүрдү.

7-класстан баштап «Октябрь Туусу», «Кыргызстан пионери», «Ленинчил жаш» газеталарына, «Жаш ленинчи» журналына чакан кабарларды жазып, алар жарыяланган сандарды окуганымда толкунданып, сүйүнүп көргөн-билгенимди дагы жазганга дилгирленчүмүн. Ошондогу алгачкы кабарым чыккан «Октябрь Туусунда» (азыркы «Өзгөн нурунда») журналисттик эмгек жолумду баштаганыма быйыл 30 жыл толуп олтурат. Адегенде радиоуюштуруучу, кийин кабарчы, бөлүм башчы, 15 жылдан бери башкы редактордун орун басары кызматтарын аркалап келүүдөмүн. Редакцияга келгенимден кийин коомдук тапшырма катары баштапкы комсомол уюмун жетектедим. /ч жыл иштеген соң коммунисттик партиянын катарына кабыл алындым. Ошол союз кезиндеги мезгил талабына жараша партиянын Ош областтык комитетинин алдындагы марксизм-ленинизм университетин бүтүрдүм. Ошондой эле бир топ жылдар Өзгөн райондук сотунун элдик заседатели да болгом.

… Ошентип, бир жерде, бир газетада иштеп, журналисттик кесиптин жоопкерчилигине биротоло башотум менен киришип кеттим.

Журналист-жоопкерчиликтүү, ары кызыктуу, ары түйшүктүү, ары сыймыктуу кесип. Ушул редакцияда эмгектенип, 30 жыл ичинде чыгаан журналисттер менен иштештим. Алардын ар биринин Өзгөндүн гезитинин тарыхында өз орду бар.

(Уландысы бар)

Тургунбү МАТМУСАЕВА.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...