Акыркы макалалар

РИИБ: “Кыргызмунайгаздан” мунай уурдалганы аныкталды

Кочкор-Ата шаарындагы “Кыргызмунайгаз” ишканасына таандык мунай өткөрүүчү куурлардан жер алдына орнотулган кошумча түтүк аркылуу мунай уурдалганы аныкталды. Мындай жерлер Момбеков айыл аймагынан табылганын “Азаттыкка” Ноокен райондук Ички иштер бөлүмүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, уурулукка 350 метрге жакын 32 диаметрлүү түтүк колдонулган. Бул факт боюнча кылмыш иш козголду.

Бирок “Кыргызмунайгаздын” бөлүм башчысы Медетбек Нарбаев жоготуу болбогонун жана уурулук катталбаганын айтууда.

Ишкананын жылдык баяндамасында 2014-жылы “Кыргызмунайгаз” пландалган көрсөткүчтү 3 миң тоннага аз аткарганы көрсөтүлгөн.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...