Акыркы макалалар

Асел Жураеванын тасмасы Сеулдагы фестивалда көрсөтүлөт

Асел Жураеванын тасмасы Сеулдагы фестивалда көрсөтүлөт

Режиссер Асел Жураеванын “Чырак” тасмасы Сеулда өтө турган аял кинорежиссерлордун 17-эл аралык фестивалында (SIWFF) көрсөтүлөт. Иш-чара 27-майдан 3-июнга чейин өтөт.

Кыргыз киноматографтарынын өнүгүү фонду билдиргендей, аталган фестивалга катышуу үчүн дүйнөнүн 20 мамлекетинен 415 арыз түшкөн. Алардын арасынан 21 фильм тандалып алынган.

26 жаштагы Асел Жураеванын “Чырак” тасмасында Бишкектен 15 километр алыста жайгашкан айылдагы үй-бүлөнүн электр энергиясыз жашоосу чагылдырылган. Режиссер буга чейин да бир катар эл аралык фестивалдарга катышкан.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...