Акыркы макалалар

Жергиликтүү эл - инвестор: мунаса табылбай жатат

“Кыргызстанда тоо-кен өнөр жайын иштетүүгө жергиликтүү тургундар тоскоолдук жаратууда”,-деп билдирди Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы Наби Эшназаров маалымат жыйынында. Анын айтымында, өлкө аймагы кендерге бай болгону менен, тоо-кен тармагы керектүү деңгээлде өнүкпөй жатат. "Тоо-кен өнөр жайынан түшүп жаткан пайда биз ойлогондой болбой жатат. Тоо кендери көп болгону менен аны иштеткендер аз болууда. Биринчиден бул көп каражатты талап кылса, экинчиден жергиликтүү калк экологияга зыян келтирет деп каршы чыгууда. Мына ошондон улам бир канча келечектүү тоокендери иштетилбей жатат”,-деди Н.Эшназаров.

Ал эми аталган агенттиктин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Орозбек Дүйшеев дүйнөдө алтындын баасы өсүп жаткандыктан тоо-кен өнөр жайы Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдырууда негизги локомотив экенин билдирди.

2009-жылы Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиги алдын ала жүргүзгөн эсептөөлөргө караганда, Кыргызстан жыйырмага жакын кен байлыктарын өндүрсө, бюджетке 80 млрд. долларга жакын каражат түшөөрү мерчемделген.

НАЗГҮЛ БОСТОНБАЕВА

01-март,2013-жыл,№08

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...