Акыркы макалалар

Журналисттерди коргоо комитети Бузинанын өлүмүнө байланыштуу билдирүү жасады

Журналисттерди коргоо комитети Бузинанын өлүмүнө байланыштуу билдирүү жасады

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети уюму Киевде журналист Олесь Бузинанын киши колдуу болушун талкуулап, Украина бийлиги муну дыкат иликтеши зарылдыгын билдирди. Укук коргоочулар анын өлүмү жумушуна байланыштуубу же жокпу, такталышы керектигин белгилешүүдө.

45 жаштагы Олеcь Бузинаны беткапчан адамдар 16-апрелде Киевдеги үйүнүн жанында атып кетишкен. Маркум орусиячыл көз караштагы макалалар менен таанымал болчу жана Орусиянын Украинага карата саясатын колдогон эмгектерин “Сегодня” деп аталган гезитте жарыялап келген.

Ал былтыркы парламенттик шайлоого “Орусия блогу” партиясынан катышып, бирок өтпөй калган эле. Орус президенти Владимир Путин муну “саясий өлтүрүү” деп атады.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...