Акыркы макалалар

Педофилдерге жаңыча жаза колдонулабы?

Кыргызстанда акыркы учурларда жашы жете электерди, анын ичинде наристелерди зордуктоо учурлары көбөйгөндүгүнө байланыштуу коомчулукта олуттуу тынчсыздануу пайда болууда. Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2012-жылдын 9 айынын ичинде балдарга карата 116 жыныстык кылмыш иштери жасалып, ошол эле учурда курмандыктардын көпчүлүгү 10 жашка жете электер болгон.

АЙМИРА МЕНДЕЕВА

Апта сайын гезит беттеринен же теледен төбө чачты тик тургузган жашы жете электерди зордуктоо тууралуу окуяларды окуп да, угуп да жатабыз. Мындай кылмыштар көпчүлүк учурда ичкилик ичип же баңгизат колдонуп мас болгондор тарабынан жасалгандыгы маалым болууда. 2012-жылы сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар өскөндүгүн Ички иштер министрлиги моюндады. Буга байланыштуу Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары жашы жете электерди зордуктаган кылмышкерлерге карата химиялык бычуу колдонуу тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Бул демилгени көтөргөндөрдүн бири Дастан Бекешев химиялык бычуу сот тарабынан медициналык комиссиянын макулдугу менен дайындаларын айтат. Бул процедурада организмге сексуалдык дараметти азайтуучу гормондор киргизилет. Жаза мөөнөтү аяктаарына 6 ай калганда кылмышкерге дары каражаттары куюла баштайт. Гормоналдык терапияны аткарбаган адам жаза мөөнөтү аяктаган соң дагы 2 жылга чейин эркинен ажыратылат.

МАМЛЕКЕТ ҮЧҮН “БЫЧУУ” КЫМБАТКА АЙЛАНАТ...

Өз кезегинде депутат Данияр Дербишалиев физикалык бычуу киргизүүнү сунуштады, анын пикиринде химиялык бычуу мамлекет үчүн чыгымдуу жана натыйжасы аз. Ал эми Саламаттыкты сактоо министрлигинин статс-катчысы Паиза Сүйүмбаеванын айтымында бул мамлекет үчүн өтө кымбатка айланат. “Бир эле адамга аталган процедураны жасоо үчүн жылына 6 миң АКШ доллары талап кылынат. Бир эле ийненин баасы орто эсеп менен 3,5 миң сом турат. Ошондой эле ийнени ай сайын жасап туруу керек, болбосо убакыттын өтүшү менен дары каражатынын таасири жоголушу мүмкүн”,-дейт ал. Мыйзам долбоорунун дагы бир демилгечиси Турсунбай Бакир уулунун пикиринде жылдан жылга сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар көбөйүп бара жаткандыктан жазалоону катуулатуу зарыл.

Социалдык коргоо министрлиги Кыргызстандын Европа Кеңешинин балдарды сексуалдык эксплуатациялоодон коргоо тууралуу конвенциясына кошулуусун колдойт. Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Эдил Байсалов конвенцияга кошулуу эле эмес, тиешелүү чараларды мыйзам деңгээлинде дагы иштеп чыгуу керектигин белгилейт.

Мындай жазаны мыйзам долбооруна киргизүүнү колдогондор менен катар каршы чыккандар дагы жок эмес. “Freedom House” эл аралык уюму соттолгондорго сөз болуп жаткан чараны колдонуу эркектин сексуалдык функциясынын бузуларына жана ал келечекте жыныстык кылмыш жасабай тургандыгына кепилдик бере албайт деп эскертет. “Ошол эле учурда мындай каражаттарды колдонуу айрым маалыматтар боюнча кылмыштарды 75 пайызга чейин азайтмак”,-деп белгилешет.

АЙЫБЫ ЖОКТОР ЖАПА ЧЕГИП КАЛЫШЫ МҮМКҮН

Аталган эл аралык уюмдун директору Стюарт Кандын пикиринде, Кыргызстанда сот органдарында көз карандысыздыктын жоктугунан улам, химиялык бычууну колдонуу, балким адам күнөөлүү эмес болгон учурларда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланууга жол ачат деп тынчсызданат. “Бирок, эгерде курмандыктардын жана коомчулукту жана балдарды мындай кылмышкерлерден коргоо көз карашынан алганда кызуу талаш-тартыш пайда кылат”,-дейт ал.

Балдар укуктарын коргоо лигасынын башчысы Назгүл Турдубекованын айтымында, бүткүл дүйнө жүзүндө педофилдерге химиялык бычуу колдонулат, бирок бул кылмышкерлердин саны азая тургандыгын түшүндүрбөйт. “Биздин өлкөдө жашы жете электерди зордуктоонун көп учурлары катталган. Бирок биз көп учурда зордуктоо фактысынын өзүн далилдөөгө дараметибиз жетпейт. Укук коргоо органдарындагы соттук-медициналык экспертизада коррупциялык элементтер бар. Көп учурда пара берүүнүн жыйынтыгы менен кылмышкерлер эркиндикке чыгышат. Мен мындай кылмышкерлерди эркиндигинен ажыратуу керек деп эсептеймин”,-дейт Н.Турдубекова.

Жыйынтыктап айтканда, бул маселе боюнча талаш-тартыш али жүрүп жатат, бирок, мыйзам долбооруна зордуктоо боюнча кылмышкерлерге химиялык бычуу киргизердин алдында жети өлчөп бир кесүү талап кылынат. Ошол эле учурда соттордун көз карандысыз болушу, паракорчулукка бөгөт коюу маселелери да терең ойлондура турган көйгөйлөр болуп саналат.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...