Акыркы макалалар

Алмазбек Атамбаевге "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн жамаатынын кайрылуусу

Алмазбек Атамбаевге "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн жамаатынын кайрылуусу

Урматтуу Алмазбек Шаршенович!

Сизге биздин холдингдин айланасында түзүлгөн жагдайга байланыштуу кайрылууга аргасыз болуп жатабыз. 2010-жылы болгон апрель революциясынан соң, май айында сиз "Вечерний Бишкек", "МСН" жана "Жаңы агым" гезиттеринин жамааты менен жолугушуп, басылма Бакиевдердин кланы тараптан болгон рейдерлик баскычылыктан кутулганына жеке өзүңүз күбө болгонуңузду эскерте кеткибиз келет.

Биз журналисттер Александр Кимди - "Вечерний Бишкек" басма үйүнүн менчик ээсин "өзүмдүн досум" деп атаганыңызга күбө болгонбуз. Ал эми азыр эмне болуп жатат?

"Вечерка" чындыгында эле мыйзам бузган болсо же болбосо фактыларды бурмалап жарыялаган болсо соттук доо арыздар буга чейин эле биринин артынан бири жазылмак. Бирок дал ошол гезитти бир нерсеге айыптоого жагдай жок болгондугу сизге кызмат кылган кеңешчилерди жана жардамчыларды шылтоо издөөгө түртүп жатат.

Бийликтеги мындай айрым адамдардын кызыкчылык позициясы КР эгемендик алган 23 жылдан бери ошол эле бойдон калып келе жаткандай: жамааттык "макул" болууга жетиш үчүн баардык медиа ресурстарды өзүнүн таасирине алуу уланууда. Ошондуктан алар гезиттердин, телеканалдардын, айрым журналисттердин "үн катпастыгын", лоялдуулугун, ошол эле учурда иштөө мүмкүнчүлүгүн сатып алууда.

Сиз эл алдында бир нече ирет, Акаев башкарып турган маалдан бери өзүңүз бир нече ирет жогорку кызматтагы рейдерлердин курмандыгы болгонуңузду айтып чыккансыз. Сиздин бизнесиңизди тартып алууга бир нече жолу аракет кылышканын, коркутушканын жана ал тургай өлкөнүн таштап чыгып кетүүгө мажбур болгонузду айткансыз.

Александр Кимди 2001-жылы иш жүзүндө жеке менчигинен ажыратышканы сизге белгилүү болуш керек, бирок ал унчукпай калган жок, "МСН" гезитин уюштуруу менен Акаевдин режими менен күрөштү. Ал өзүнүн бизнесин коргоп калган. Жана бүгүн Ким, Власенко менен Рябушкиндин ортосундагы доолашуу - бул жеке менчик чарбалык чатак, мурдагы эки шериктештин иши эмес, холдингдин үлкөн жамаатынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн болочогуна таасир берген жагдайга айланды.

Ошол эле учурда биз, сот процесстери аркылуу мыйзамсыз талаптарын аткарууга жетишип жаткан сиздин айланаңыз Рябушкин мырзаны колдоого кызыкдар болуп жатканын баамдап жатабыз.

Бирок бүгүн өлкөдө Акаев жана Бакиевдин учуруна окшогондой башкаруу режими түзүлүп калды. Эгер Акаевдин учурунда баардык иштерди анын күйөө баласы Адиль менен уулу Айдар, Бакиевдин учурунда уулу Максим жана анын бир тууганы Жаныш жайгарып келген болсо, азыр баардык мамлекеттик иштерди мурдагы айдоочу, азыр президенттин аппаратынын башчысынын биринчи орун басары Икрамжон Илмиянов жана сиздин мурдагы жан сакчыңыз, Мамлекеттик күзөт кызматынын майору, азыркы өлкөнүн эт өнөр жай тармагынын башкы куратору, кайрымдуулук фондунун ээси, Рыспек Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Эркин Мамбеталиев жайгарып жаткандай.

Бүгүн ал чексиз бийликке ээ болгон, андан баары коркушат. Бакиевдин режиминин учурунда ал Ички иштер министрлигинин кызматтык кылмыштар боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Чыныбек Алиевди өлтүргөндүгү үчүн 25 жыл күчөтүлгөн режимде абакка кесилген.

Бирок Жогорку соттун чечими менен апрель окуясынан кийин дароо эле сиздин жансакчыңыз болгону эки жыл абакта отуруп эркиндикке чыкты. Бул жагдай күч органдарында иштегендердин баарын шок кылган. Жоокер жолдошторун сатып кеткен офицер бандит болуу менен өлкөнүн мыкты тергөөчүсүн өлтүргөндөн кийин эки жылдан соң мунапыс алган. Азыр ал чакан бизнестен эң ири бизнеске чейин таасирдүү "крыша" жана баардык инвестициялардын көзөмөлчүсүбү? Бул кандайча ушундай болуп калсын?

Жогорку сот үчүн маселе риторикалык негизде. Жогоркудан айттыбы – жасашат. "Рубиконду" кысымга алгыла дедиби - кысмакка алышты.

Жана менчикке менчик укугу жок адамга сот өткөрүштү. Жана 15 жыл боюнча ал менчик ээси болгонун айтышты, "Рубикон" фирмасынын жарымын Рябушкинге төлөп бериш керек дешти. Бирок ал үчүнчү тарапка өзүнүн үлүшүн саткан. Бул келишимге фирма дагы, анда калган менчик ээлери дагы эч кандай тиешеси жок. Бул үчүн жоопкерчилик сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда гана болмок. Бирок сот Рябушкинди менчик ээси катары тааныбаган эки соттук инстанциянын чечимине карабай туруп, толук бойдон мыйзамга жазылган бул нормаларды четке какты.

Кептин кыскасы Мамбеталиев Рябушкин мырза сыяктуу эле талап кылууга акысы жок менчикке эркиндик алды.

Биздин сотко байланыштуу эч кандай куру кыялдануубуз жок, ошондуктан Жогорку сотко шаардык соттун аныктамасын бербейбиз. Анан калса "Вечерканы" басып алуунун активдүү фазасы баштады, биз аны Рябушкиндин бүгүнкү иш-аракетинен көрүп жатабыз.

Соттун мыйзамсыз чечими менен жалган менчик ээси болгон Рябушкин кезектеги соттук доо арызын Биринчи май райондук сотуна материалдык чыгымды төлөп бериш үчүн берди. Эң эле аз деген эсеп менен 16 миллион долларды жана ага кошумча дагы бир миллион долларды моралдык чыгымы үчүн сурап жатат. Бул чыгым ал соттун чечими менен менчик ээси болуп келген 15 жыл үчүн эсептелген.

Биз биздин "көз карандысыз" сот "акыйкат" чечим кабыл аларына жана материалдык чыгымды жок эле дегенде 10 миллион доллар деп бааларына күмөнүбүз жок. Бирок бул сумма "Вечерканын" акциялар пакетин, "Рубикондун" баардык мүлкүн, Александр Кимдин тапичкесин кошуп жеке үй-мүлкүн алып алууга кенен жетет. Дагы бир нече миллионду Ким Рябушкинге карыз болуп калмакчы.

Баардык соттук процедура эки-үч айдын ичинде болот. Баарынын жыйынтыгы эң нары дегенде Жогорку Кеңешке шайлоо башталарына эки ай калганда-август айларында чыгат.

Акыры соңунда Фарид Ниязов маалымат ресурсун алат, Икрамжон Илмиянов менен Эркин Мамбеталиев бизнес менен акчага ээ болот. Ал эми Рябушкинди бир жерге тээп кетиришет.

Бул чындыкка окшош перспектива жана биз болуп жаткан окуяларды реалдуу караганга аргасызбыз. Өлкөдөгү саясий жана экономикалык окуяларга баа берүү аркылуу биз басма үйүндө да ошондой болот го деп болжоп жатабыз. Ал эми бул 250 адамдын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоосу. Ошондой эле гезитти саткандардын жашоосу.

Биз мындай башаламандык биздин жашообузда кадыресе көрүнүш болуп калышына жол бербейбиз. Урматтуу президент, сизге өз катаңыздан сабак алуу эмес, сизге чейин президент болуп кеткендерден сабак алышыңызды каалайт элек. Жогорку бийликке жеткен адам тарыхтан эч кандай сабак албасына жана креслосунда түбөлүк отура берчүдөй сезерин жакшы түшүнүп турсак дагы.

Бүгүн биз, Кыргызстандагы эң ири орус тилүү гезит, Владимир Путинге, Нурсултан Назарбаевге, Александр Лукашенкого кайрылабыз. Сиздер мурдагы бандиттер менен мамлекеттик рэкетчилер башкарган өлкөнү Евразиялык экономикалык биримдикке кабыл алып жатасыздар. ЕАЭБдин жаңы мүчөсү менен кандай мамиле түзмөкчүсүздөр?

...Бүгүнкү күндө журналисттерди өлтүрүп жатышабы? Азырынча жок, бирок биз жон терибиз менен алдыда эмне болорун сезип жатабыз. Бүгүнкү күндө эң коркунучтуу кылмыш - сот системасын талкалоо жүрүп жатат. Эгерде Акаевдин учурунда өлкөнүн 80 пайыз жараны сотко ишенбесе, Атамбаевдин учурунда эч ким ишенбей калды.

Биз баардык кайдыгер карабаган жарандарга, баардык өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдарга, эл аралык фонддорго биздин өлкөнү жок кылууга бербешибизди айтып кайрылабыз. Бул - биздин өлкө. Биз айдоочулар менен жансакчылар миллиард долларды тезирээк алууга умтулуп, ишкерлерди тоношуна жол бербейбиз.

Алар азыр жашыруун түрдө валюталарды жаңы президент шайлангандан кийин ал жакка качып кетиш үчүн чет өлкөлөргө жөнөтүп жатышат.

Конституциянын кепилдиги катары сизге кайрылабыз! Урматтуу Алмазбек Шаршенович, биз болуп жаткандардын баарынын жоопкерчилиги сизге калаарын баса белгилейбиз!

Эмне үчүн бүгүн баары оппозицияны колдош үчүн кандайдыр бир шектүү жүк жеткирген америкалыктардын кайсы бир "иштери" тууралуу айтып жатышат... Бүгүн америкалыктар да, россиялыктарда да коркунуч келтирбейт. Коркунуч ичкериден, айдоочулар менен жансакчылардан чыгып жатат.

"Вечерний Бишкек" гезитинин редакциясы,

vb.kg интернет-сайтынын редакциясы;

"Жаңы агым" гезитинин редакциясы;

"МСН" гезитинин редакциясы;

"Рубикон" жарнама фирмасы;

Басмакана;

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...