Акыркы макалалар

Президенттин аппараты шайлоого ислам партияларынын катышуусун күтпөй эле

Президенттин аппаратынын дин саясаты боюнча бөлүмүнүн өкүлү «ислам фактору» — динчил адамдардын уюшулган түрдө саясатка катышуусу — алдыдагы парламенттик шайлоолордо «өтө эле төмөн» деп эсептейт.

21-апрелде президенттин аппаратынын этностук, диний саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн эксперти Санжарбек Тажиматов 2015-жылкы парламенттик шайлоодо кыргызстандыктар «жарандык жана уруулук окшоштуктардын» негизинде добуш бере тургандыктарын билдирди.

«Ошондуктан азыр исламдын айланасында биригүү болуп, саясий жашоодо исламдын боло тургандыгы жөнүндө айтууга эрте», — деди президенттин аппаратынын өкүлү.

«Дин, укук жана саясат» аналитикалык борборунун башчысы Кадыр Маликов «ислам фактору өлкө үчүн коркунучтуу эмес» деп эсептейт — анын айтымында, «ислам фактору» дин адамдарына идеологиянын негизинде саясатка мыйзамдуу катышууга мүмкүндүк берет.

Маликов шайлоо алдында саясатчылар мусулмандардын колдоосунан пайдаланууга аракет кылышат деп эсептейт — айтымында, динге ишенген адамдар «ар бири пайдаланып калууну каалаган өтө чоң ресурс».

«Бүгүн көпчүлүгү мусулмандардын көңүлүн өз тарабына тартууга аракет кылышат, анткени ал өтө жакшы колдоо. Мындай көрүнүш парламенттик шайлоодо гана эмес, президенттик шайлоодо да болот. Жалпы жонунан айтканда, биздин бүгүнкү саясатыбыз бул күчтүү факторду эске алат», — деди эксперт.

Саясат таануучу Зайнидин Курманов «мусулмандарга жагынуу» «аянычтуу кесепеттерге» алып барышы мүмкүн деп эсептейт.

«Биздин саясатчылар эгер муфтияттын карызын кечип, мечиттерди куруп, мектептерде хиджаб кийүүгө уруксат берүү менен мусулмандарды колдошсо — мусулмандар алар үчүн добуш беришет деп ойлоп жатышат. Бирок бул тажрыйбасыздык. ИГИЛ, «Хизб ут-Тахрир», «Талибан» — мунун баары жагынуунун жыйынтыктары», — деди ал.

Курмановдун пикиринде, алдыдагы шайлоолордо кыргызстандыктар «өзүлөрүнүкүнө» добуш беришет.

«Бейөкмөт уюмдардын мүчөлөрү идея үчүн добуш беришет. Башка улуттун өкүлдөрү өз өкүлдөрү көп болгон партияларга добуш беришет. А биз салттуу түрдө өзүбүздүкүлөр үчүн — өз ата-тегибиз, өз уруубуз үчүн добуш беребиз», — деп эсептейт саясат таануучу.

Кыргызстанда парламенттик шайлоолор 2015-жылдын күзүндө өтөт. Бул 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийинки өлкөнүн мыйзам чыгаруу органына болгон экинчи шайлоо.

Түп нускага шилтеме : ky.kloop.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...