Акыркы макалалар

Бишкекте Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн атып кетишти

Бишкекте Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсүн атып кетишти. Бул тууралуу "ВБ"га укук коргоо органдары билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 27-апрелде болжол менен саат 23:00 чамасында "102" пультуна билдирүү келип түшкөн. Анда "Жал" кичи районундагы үйлөрдүн биринен атылган октун үнү чыккандыгы маалымдалган.

Окуя катталган жерге барган Ленин районунун кызматкерлери кылмышка шектүү делген адамды дароо колго түшүрүшкөн. Ал күнөөсүн мойнуна алып, Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун Дамир аттуу мүчөсүн өлтүргөндүгүн айткан. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...