Акыркы макалалар

Кыргыз бийчилер Украинадагы сынактын финалына чыкты

Кыргызстандык бийчи Атай Өмүрзаковдун шакирттеринен турган “Адем” тобу "Украина Мае Талант" сынагынын финалына чыгышты. Бул тууралуу Өмүрзаков “Фейсбуктагы” баракчасында билдирди. Анын жазышынча, кыргыз бийчилери тартылган көрсөтүү 9-майда көрсөтүлдү. Калыстар тобу бул топтун жеңүүчү болууга толук мүмкүнчүлүгү бар экенин айтышкан.

Украинада өткөн бул сынакка Атай өзү да катышып, байгелүү орунга татыган. Өзүнүн пластикалык жөндөмү менен көпчүлүк таң калтырган Өмүрзаков буга чейин Чехия, Кытай жана Германиядагы сынактарда баш байгеге ээ болгон.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...