Акыркы макалалар

Жолдорду оңдоо боюнча чоң долбоорлор башталат

Бүгүн, 10-майдан тарта жолдорду оңдоо боюнча чоң долбоорлор башталат. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жаңы өкмөт башчы Темир Сариев 2017-жылга чейин кытай грантынын эсебинен салынчу ири магистралдык жолдорду бүтүрүүнү пландоодо.

Ал эми мындан бир канча күн мурда Сариев борбор калааны шаардын мэри Кубанычбек Кулматов жана анын орун басары Бакыт Дүйшөмбиев, тиешелүү орган өкүлчүлүктөрү менен чогуу кыдырган. Премьер-министр мындан ары жумасына шаарды кыдырып, жолдордун абалына көзөмөл салып тураарын белгиледи. Ал ошондой эле тиешелүү органдарга жол куруу менен жамоо иштерин бирге алып баруу талабын койду.

Түп нускага шилтеме : www.maralfm.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...