Акыркы макалалар

Маматалиев: Ош шаарында азыр эч кандай коркунуч жок

"Ош шаарындагы коомдук-саясий жагдай тынч, жагдай укук коргоо органдарынын көзөмөлүндө, алар жергиликтүү калк менен дайыма профилактикалык иштерди жүргүзүп жатат. Азыркы учурда эч кандай кооптонуу жок",-деп билдирген "Кабар" агенттигине вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев Ош шаарына жасаган жумушчу сапарынын жүрүшүндө.

Анын айтымында, Ош шаарына жасалган иш сапардын максаты коомдук саясий жагдай, укук коргоо органдарынын иши менен жеринде таанышуу жана ошондой эле укук коргоо органдары менен калкка көмөк көрсөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүү.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык түйүндөрдө, анын ичинде WhatsApp аркылуу Ош шаарында экстремисттик акцияга даярданып жатышканы жана Бишкекте дагы ушундай акция жасалары тууралуу маалымат таркатылган. Негизинен Ош шаарында халифат түзүүнү колдогондордун ишмердиги күчөтүлгөнү тууралуу айтылган жана жергиликтүү калкка коопсуздукту сакташ үчүн коомдук жайларга барбоону эскертишкен. Ошол эле арада Ички иштер министрлиги Ош базарында ушундай айың кеп таратып жүргөн аялдар кармалганын билдирген жана бул чындыкка дал келбей турганын маалымдаган.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...