Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө изделип жаткан 5 кылмышкер кармалды

Ушул күндөрү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы туристтик сезондо коопсуздукту алдын алуу максатында «Каракчы», «Легалсыз», «Допинг», «Арсенал» жана «Издөө» деген аталышта атайын операцияларды өткөрүүдө.

Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган башкармалыктан кабарлашты.

Операциянын алкагында, өткөн суткада издөөдө жүргөн 5 кылмышкер кармалып, мыйзамсыз курал алып жүрүү боюнча үч жана баңгизатына байланыштуу бир кылмыштын бети ачылды.

Атайы операция бир жумага созулат.

Түп нускага шилтеме : www.azattyk.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...