Акыркы макалалар

Кара-Сууда жарандыгы жок келиндердин саны миңге жетти

Ош облусунун Кара-Суу районунда эле Өзбекстандан келин болуп келген, бирок жарандык албай жашап жаткан аялдардын саны миңге жетти.

Бул тууралуу «Фергана өрөөнүнүн юристтери» уюмунун юристи Алмаз Козубаев билдирет. Алардын айрымдары 20 жыл аралыгында да жарандык алышкан эмес. Өзүн Рахиля Атажанова деп тааныштырган айымдын айтымында, ал 12 жыл мурда Кыргызстанда келин болуп келгенден бери бул мамлекетте жашап туруу үчүн ар бир эки айда каттоодон өтүп турам дейт. Анткени жарандык алууда каржы маселеси оор, анын үстүнө документ даярдоо жараяны да абдан татаал экен. Документ даярдалып жөнөтүлгөн соң, ал каралып, комиссия текшерет. Өтсө президентке жөнөтүлүп, “жарандуулукка ээ болду”,- деп кол коюлат. Анан ал документ менен паспорт ала алат. Учурда бул маселени жеңилдетүү жолдорун Жогорку Кеңеш да карап жатат. КРнын паспортун алуу үчүн, кыргыз жараны менен никеде катталган чет элдик келиндер жолдошунун паспорту, нике күбөлүгү, үй-бүлөлүк абалы жөнүндөгү аныктама жана өздүгүн тастыктаган документин тапшырат. Бул ыкма кыргыз жарандыгына ээ болуунун эң жөнөкөйлөтүлгөн жолу. Ошондо гана коңшу өлкөдөн келин болуп келгендер, толук жаран болуп, жумушка расмий түрдө орношуу мүмкүнчүлүгүн ала алышат.

15.03.2013, №10

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...