Акыркы макалалар

Желим баштыктар менен күрөш

Желим баштыктар менен күрөш

Кыргызстанда полиэтилен баштыктарына каршы күрөш уланууда. Буга чейин бир топ экологиялык уюмдар, үй кожойкелери, жаштар атайын сүрөт көргөзмөсү, пикет уюштуруп, Бишкек шаарындагы мектептерде желим баштыктардын зыяндуулугу боюнча сабактарды өткөрүү боюнча мэрия менен макулдашуу да болгон. Эми демилге парламенттин деңгээлине көтөрүлдү. Жогорку Кеңеште поэлитилен баштыктарын жана балык улоодо синтетикалык торду колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору каралып жатат. Мыйзам долбоордун автору Элмира Иманкожоеванын айтымында, колдонууга гана эмес, Кыргызстанга алып кирүүгө дагы тыюу салынат.

"Бул мыйзам жука целлофан баштыктарына гана тиешелүү. Негизинен полиэтиленден жасалган буюмдар көп, каптар дагы бар. Азыр желим баштыктарын чыгарууга, сатууга, четтен алып кирүүгө тыюу салабыз. Аларды күйгүзүп менен гана жок кылса болот. Ошондо дагы атмосферага абдан көп зыяндуу заттар ыргытылат",-дейт Элмира Иманкожоева.

Кыргызстандын өзүндө он ишкана желим баштыктарын чыгарат. Килограммын $ 6 сатышат. Ишканалардын маалыматында, кардарлар кеминде 150 кг. сатып алышат (150 кг.да 8 миң даана баштык болот). Анткен менен өнөр жай министрлигинин маалыматында, акыркы үч жыл ичинде желим баштык жана каптарды чыгаруу кескин азайган. 2012-жылы бир жыл ичинде алты жарым млн. даана чыгарылган болсо, 2013-жылы 3 млн. 158 миң даана, 2014-жылы 992.3 миң даана чыгарылган. Кыргызстанга желим чыгаруучу үчүн материал Кытай, Азербаджан жана Россиядан келет.

Айтмакчы Кытайдын өзүндө 2008-жылы желим баштыктарды колдонууга тыюу салынган. Анткен менен алар чыгарып, Кыргызстан сыяктуу тыюу салынбаган өлкөлөргө экспортко жөнөтөт.

"Баштыктардан сырткары, синтетикалык балык улоочу торлорго тыюу салып жатабыз. Анткени, бул торлор биздин көлдүн экономикасына зыян тийгизүүдө. Ал торлор болгон 200 сом турат экен. А балыктын килограммы 300-400 сом. Тор арзан болгондуктан балыкчылар аны чыгарып олтурбай, көлгө таштап коюшат. Тор барып балырларга жармашып, балыктар балыр жегени келгенде торго кармалып калып жатат. Бул Ысык-көлдөгү балыктардын кырылуусуна алып келүүдө"-дейт Элмира Иманкожоева.

Статистика боюнча дүйнөдөгү таштандынын 40 пайызын желим калдыктар түзөт. Ал биринчи жолу 1957-жылы АКШда колдонулган. Учурда жылына дүйнө боюнча 5 трилллион баштык чыгарылат. Экологиялык уюмдар, желим калдыгы жылына 1 млн. кушту, 100 миң суу жаныбарларын өлтүрөөрүн эсептеп чыгышкан. Австралия, Италия, Сингапур, Бангладеш жана Тайвань желим баштыктарынан толук баш тарткан. Танзанияда мындай баштыктарды колдонгон киши айып төлөп, же эркинен ажыратылат.

Жазгүл Масалиева

Түп нускага шилтеме : capital.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...