Акыркы макалалар

Жолдошова кезектеги депутаттык мандаттын баасы канча болорун айтты

"Кыргызстандагы шайлоодо кээ бир аткаминерлер жөндөн-жөн эле акча жасайт",-деп билдирди бүгүн, 4-июнда парламенттин жыйынында "Ата-Журт" фракциясынын лидери Жылдызкан Жолдошова.

Белгилей кетсек, депутаттар Жогорку Кеңештин депутаттарын жана президентти шайлоо боюнча мыйзамга түзөтүүлөрдү киргизип жатат. Ага ылайык, саясий партияларга шайлоо өткөндөн кийин тизмедеги талапкерлердин иретин бир жолу өзгөртүүгө мүмкүндүк берилмекчи.

Талкуунун жүрүшүндө Жолдошова буга окшогон жаңылыктарга каршы экенин жана мындай өзгөртүү өлкөдө партиялык кландардын пайда болушуна алып келерин айтты.

"Биздин өлкө үй-бүлөлүк кландан жаңы гана кутулду, биз эми партиялык кланга бара жатабыз. Мисалы, өткөн жолку шайлоодо мандат 200 миң долларга жакын болсо, эми ал 300-500 миң долларга бааланып жатканы мага белгилүү болду. Анда парламентте жалаң гана байлар отуруп калбайбы. Эми алар партиялар үчүн койчу күрөөнү 5 миллион сом дешүүдө, аны ким төлөйт?",-деди Жолдошева.

Түп нускага шилтеме : www.kabarordo.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...